2018-жылдын 9-майында, Жеңиш майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.
Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөдү: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой.
Сыйынуу аяктагандан кийин владыка Даниил Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорго арнап лития өткөрдү жана келүүчүлөргө архипастырлык сөзү менен кайрылды.
Өз сөзүндө владыка Даниил биз жашап жаткан жашоону биздин аскерлерибиз эбегейсиз эрдик менен жеңип алганын баса белгиледи. “Бүгүн биз жеңүүчүлөрдү – колбашчылар менен жоокерлерди эскеребиз. Алардын көпчүлүгү – орус адамдары, Россиянын аймагынан болгон, бирок алардын баары биздин мекендештерибиз болушкан. Орто Азиядан, биздин Кыргызстандан дивизиялар түзүлүп, алар Москваны, Сталинградды коргогон, Европаны боштуп, Берлинди ээлеген”. Владыка бул согуш дээрлик ар бир совет үй-бүлөсүнө келип, баарына түйшүк салганын айтты. “Жеңишти бирге алып келгенбиз. Майданда жоокерлерибиз кармашса, оорукта – балдар, карыялар жана аялдар эмгектенген. Азыр ардагерлер азайып кетти. Каза болуп жатышат. Убакыт келди. Бирок эсибизге алардын эрдигин сактап калуу биз үчүн абдан маанилүү. Алар кетип – биз калдык. Биздин милдетибиз – алардын каармандыгын келечек муундарга өткөрүп берүү. Анткени бизди кырып жок кылууга аракет жасалган. Азыр айрым күчтөрдүн тарыхты кайра жазгысы, биздин элдин улуу жеңишин өзгөрткүсү келип жатканы абдан коркунучтуу. Украина өңдүү өлкөлөрдө фашизмди кайра жандандыргысы келип жаткандары абдан коркунучтуу! Батыш Белоруссияда да мындай процесстер башталып жатат. Бирок алар эч нерсе кыла алышпайт! Кудайга шүгүр, эрдикти эсине сактап, фашизмге жол бербей турган күчтөр бар! Алар – Биз, биздин ар бирибиз!
Сөзүн аяктаган владыка Даниил дагы бир жолу бардык адамдарды Жеңиш майрамы менен куттуктады жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп жаткан “Өлбөс полк” акциясына жыл өткөн сайын көптөгөн адамдар кошулуп жатканына кубанып турганын билдирди.