Ысык-Көл благочиндигинде епископ Даниилдин төрагалыгы алдында кезектеги Епархиялык кеңеш өттү

  10 июля 2018   На русском
В Иссык-Кульском благочинии под председательством епископа Даниила прошел очередной Епархиальный совет

2018-жылдын 9-июлунда Ыйык Троица храмынын приходдук имаратында (Каракол шаары) Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин төрагалыгы алдында Епархиялык кеңеш өтүп, ага епархиянын бардык округдарынын благочин башчылары жана кеңештин мүчөлөрү катышты.

Күн тартибине биринчи болуп Тихвин Кудай Эне иконасы майрамы жана ушул жылдын 13-сентябрында өтө турган ыйык Ысык-Көлдүк Ираклийди эскерүүгө арналган салтанаттар жөнүндө маселелер коюлду.

Отурумдун катышуучулары епархиянын жашоо-турмушуна тиешелүү маселелерди – жакында өтө турган коңгуроо добушу фестивалы, Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын салтанаттарына катышуу жөнүндө маселелерди дагы карашты. Күн тартибинде Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын сыйлыктары, «Ислам жана Православие» конференциясына катышуу жөнүнө жана башка маселелер көтөрүлдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости