Орустар Крещение болгон күнү Улуу урматтуу Даниил Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  29 июля 2018   На русском
В День Крещения Руси Преосвященнейший Даниил совершил Божественную литургию

28-июлда, ыйык Тең апостол Улуу князь Владимирди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Бишкек шаарынын “Асанбай” кичи районундагы ыйык Тең апостол Улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: митрофор протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, протоиерей Алексей Сыромятников, протоиерей Андрей Кунавин, протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Артемий Долотов, иерей Георгий Дворовой, иерей Вадим Паскин, иерей Роман Лебедев, иерей Илья Меляков.

Малый Ходдун жүрүшүндө Наперстный Крестти тагынуу укугуна Красная Речка айылындагы преподобный Серафим Саровский храмынын насаатчысы иерей Вадим Паскин ээ болду.

Кудайга сыйынуу литургиясынын жүрүшүндө башкаруучу архиерей Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун клириги иподиакон Виктор Штыркинди диакон санына көтөрүү жол-жобосун жүргүздү.

Ыйык Причащение алдында Ыйык Патриарх Кириллдин жана Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун Орус Крещениесинин 1300 жылдыгына карата архипастырларга, клирлерге, монахтарга жана жарандарга кайрылуусун иерей Георгий Дворовой окуп берди.

Кудайга сыйынуу литургиясынын соңунда Улуу урматтуу Даниил престол майрамынын урматына храмдын айланасына крест жүрүшүн жасап, ыйык суу менен ысырыктады.

Андан кийин епископ Даниил жарандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Өз сөзүндө владыка ар башка славян элдерин бирдиктүү орус элине бириктирген ыйык княздын Христтин Ишенимин алып келүүсү биздин элге кандай жакшылыктарды алып келгенине токтолду.”Язычниктердин диндери ар башка болгондуктан, элдерди бөлүнүүгө жана душмандашууга алып келген. Православ дини гана биздин элдерди бир тууган кылып, бириктирди”. Андан ары архипастырь адамдарды Христтин ишенимине формалдуу, сырттан эмес, терең акыл-эси жана жүрөгү менен ишенүүгө чакырды. Владыка Орустун тарыхында орун алган кайгылуу мисалдарды келтирип, Христтин жолуна терең берилбей, үстүртөн гана ишенген түр көрсөтүү айрым элдерди кырсыктардан сактай албаганын, анын натыйжасында оор жоготуу, кыйроолор болгонун эскертти.

Проповеддин соңунда владыка Даниил келгендерди престольный майрамы менен куттуктап, баарына өзүнүн архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.