Епископ Даниил Балкычы шаарындагы ыйык Ксения Петербургская храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү жана храмдын жаңы башчысын тааныштырды

  01 августа 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме блаженной Ксении Петербургской в Балыкчи и представил прихожанам нового настоятеля

2018-жылдын 1-августунда, Пятидесятницанын 10-седьмицасында, преподобный Серафим Саровский чудотворецти эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Балыкчы шаарындагы ыйык Ксения Петербургская храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Ысык-Көл округунун благочини протоиерей Сергий Чувичкин, протоиерей Артемий Долотов, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуу аяктаганда епископ Даниил храмдын келүүчүлөрүнө архипастырлык сөзү менен кайрылып жана ыйык Ксения Петербургская храмынын жаңы башчысын - протоиерей Артемий Долотовду тааныштырды.

«Кымбаттуу бир туугандар, сиздерди преподобный жана биздин атабыз Серафим Саровскийди эскерүү күнү менен куттуктам. Бүгүн Дивеев обителинде улуу окуя болуп жатат. Преподобный Серафим Саровскийдн кубатына сыйынуу, анын эмгегин жана эрдиктерин даңазалоо жүрүп жатат. Бул ыйык күндө биз Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүү жана преподобный Серафимди даңазалоо үчүн ыйык Ксения Петербургская храмына чогулдук. Преподобный Серафим Саровский улуу жана боорукер пластырь болгон жана ар бир адамга: «Христос Воскресе, радость моя!» деп жар салып турган. Анын сүйүүсү баарыбызга жайылган. Бул сүйүүнү ал өмүр бою сактап жана көбөйтүп келген. Анын адамга болгон сүйүүсү жүрөгүнө жана дилине толуп турчу. Биз аны абдан жакшы көрөбүз, анткени ал өзүнүн православ балдарын чын дили менен сүйгөн.

Бул күн башка себептер боюнча дагы чиркөө үчүн абдан маанилүү. Сиздердин мурдагы насаатчыңыздар протоиерей Валентин Никонов Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна которулгандан бери 4 жыл өттү. Ал азыр биздин насаатчыбыз, сыйынуучубуз жана көңүл жубатаарыбыз болуп калды. Андан бери сиздер оор мезгилди баштан өткөрдүңүздөр. Тилекке каршы, бул жерге дайындалган бир дагы башчы милдетин толук кандуу аткара алган жок жана Балыкчы паствасын көбөйтө алган жок. Бул жерде православ дини менен жашагысы келген орустар али көп. Бирок адам фактору чоң мааниге ээ болуп жатат, анткени адамдар поп менен сүйлөшүп, жакшы сөз угуу үчүн храмга келишет. Кээде андай болбой калат, себеби поптор дагы башкалар сыяктуу эле ар башка мүнөздүү жана иштөө ыкмасы дагы ар башкача болот. Бул кызматкерлер ар кандай себептер менен паствага сиңип кете алышкан жок. Бүгүн мен борбордук благочиндиктин кызматкери протоиерей Артемий Долотовду сиздерге тааныштырам. Аны биз абдан жакшы көрөбүз жана жогору баалайбыз. Протоиерей Артемий Долотов көп жылдан бери Военно-Антоновка айылында кызмат өтөп, ал жерде талбас эмгеги менен Кудайдын храмын кармап келди. Анын негизги эмгеги - пастваны түзгөндүгү жана көбөйткөндүгү болду. Балыкчыга так ушундай эмгек керек. Сиздерде храм бар, жекшембилик мектеп үчүн зарыл болгондордун баарысы бар, ыңгай-шарттар түзүлгөн, бирок сиздерде адамдар аз болууда! Мен Валентин атага биринчи жолу келгенимде бул жерде храмга адамдар көп келчү, балдар дагы көп болчу. Азыр келген кишилер азайып калыптыр. Бул абдан жаман көрүнүш. Биз ушул

жагдайды оңдогубуз келип жатат, бул жер көп киши келе турган приход болушу керек”.

Ксения Петербургская храмынын жаңы башчысына кайралган владыка муну айтты: “Сизге үмүтүм чоң, Артемий ата, сиз үчүн Кудайга сыйынып суранам, жалпы епархиянын баары сиз үчүн дуба кылат. Сиз бул жерге эмгек өтөө ниетиңизди билдирдиңиз, приходду кайрадан чогултуу зарыл. Аны сүйүүңүз менен, Серафим Саровский сыяктуу ак ниетиңиз менен жасоо керек. Ал сиздин колдоочуңуз болсун. Биз баарыбыз поп жөн эле кадиль көтөргөн адам эмес, Кудайдын храмына адамдарды чогулта алган пластырь болушу керектигин, адамдар анын насааты менен чиркөөгө келип, жан-дүйнөсүн сактап кала тургандай адам болушу керектигин билишибиз зарыл. Кудай бул приходду сактап, көбөйтө берсин. Сизге ден соолук, чыдамкайлык жана ийгилик каалайм”.

Келүүчүлөргө кайрылган епископ муну айтты: “Кымбаттуу бир туугандарым, сиздер баштан кечирген оорчулуктар баарыбызга сабак болду, кыйынчылыктар жакшы иштерди баалоону үйрөтүшү керек. Эскерте кетсем, бул жерди тартипке келтирүү үчүн биз православ дин кызматкерлеринин ичиндеги эң баалуу адамды алып келдик. Эмки келгенибизде, 6-февраль – престольный майрамында, биз храмга көп кишилер топтолот деп үмүт кылып жатам, ошондо биз кубануу менен баарыбыз бирге Кудай-Куткаруучуга сыйынабыз”, - деп сөзүн бүтүрдү владыка Даниил.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.