2018-жылдын 15-августунда Ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын өкүлдөрү менен шаардын бийликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда 12-кичирайондогу княгиня Ольга храмы жайгашкан жер участогунун айланасындагы жагдай боюнча жумушчу жолугушуу болду.
Епархия тараптан кеңешмеге катышкандар: Бишкек жана Кыргызстан Епискобу Даниил, юридикалык кызматтын жетекчиси Елена Иванова, архитектура-курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Кравченко. Бишкек шаарынын атынан комиссиянын курамына киргендер: Бишкек башкы архитектурасынын начальнигинин орун басары Анна Тренина, шаардык кеңештин депутаты Наталья Кулматова, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башкы адиси Данияр Балтагулов, Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев, Биринчимай райондук администрациясынын өкүлү Татьяна Смирнова, “Кыргызстан” партиясынын катчысы Гульдана Турусбекова жана башка расмий кызмат адамдары.
Жумушчу жолугушуунун алкагында тараптар княгиня Ольга храмы жайгашкан жер участогун ижарага берүү тууралуу маселени чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун карап чыгышты.
Эске сала кетсек, 1999-жылы шаардын мэриясы православ жамаатына сыйынуу үйүн куруу үчүн убактылуу пайдаланууга жер участогун бөлүп берген. Келишимдин шарттары боюнча участок “ыйык Тең апостол Улуу князь Владимирдин урматына курулуп жаткан храмдын курулушу аяктаганга чейинки” жана объект пайдаланууга киргизилгенге чейинки мөөнөткө берилген, андан кийин сыйынуу үйү бузулууга тийиш болчу. Участок бөлүнүп жаткан учурда чоң храмдын курулушу 3 жылдан 5 жылга чейин жүрөт деп болжолдонгон эле. Мындай учурда убактылуу сыйынуу үйүн кулатып салуу жеңил болмок. Бирок, чоң храмдын курулушу узакка созулуп, жыйырма жылдан кийин гана пайдаланууга берилди. Бул мезгилдин ичинде убактылуу сыйынуу үйү капиталдык имаратка – храмга айланды. 2015-жылы сыйынуу үйүнүн тагы Ыйык Тең апостол Улуу княгиня Ольганын урматына освящение болуп, бүгүнкү күнү Кыргызстанда жашаган бардык православ адамдар үчүн ыйык жайга айланып калды. Мындан тышкары жаңы курулган собордун жанында чакан храмдын жайгашуусу шаарга эстетикалык көрк берип, храмдардын имараттарынан түзүлгөн бир бүтүн ансамбль болуп турат.
Жаралган жагдайга байланыштуу епархия шаар бийликтерине жардам сурап кайрылган эле. Болуп өткөн эки тараптуу жолугушуу жер участогун ижарага берүү маселесин учурдагы реалдуулук үчүн актуалдуу болгон нукта кайра карап чыгууга багытталды.
Кеңешменин соңунда комиссияны өкүлдөрү эки храмдын аймактарын карап чыгышты жана жалпы храм комплексинин долбоорлорунун эскиздери менен таанышышты.