Старт берилди. IV Тихвин вело жүрүшү

  16 августа 2018   На русском
Старт дан. IV Тихвинский велопробег

2018-жылдын 16-августунда Преображения Господня майрамына жана Ленинград блокадасын жеңип өтүүнүн 75 жылдыгына арналып Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар бөлүмү тарабынан уюштурулган IV Тихвин вело жүрүшү башталды.

Катышуучулар эрте таңда Балыкчы шаарындагы Блаженная Ксения Петербуржская храмынан чыгып, орто аралык түйүн болгон Кажы-Сай айылына бет алышты. Вело жүрүштүн биринчи күнү абдан оор болмокчу, катышуучулар 110 км ашык аралыкты басып өтүшү керек.

Вело жүрүштүн расмий ачылышы 15-августта болгон. Кечинде, велосипеддер жүрүшкө даярдалгандан кийин, башталып жаткан жакшы ишке арналган молебен жана Ленинградда курман болгон блокадачыларга арналып лития өткөрүлдү. Андан кийин катышуучулар Балкычы шаарында жашаган көзүү тирүү эки блокадачынын бири 89 жаштагы Петр Семенович Петров менен жолугушту. Карыя катышуучуларга блокада учурунда адамдар башынан өткөргөн оорчулуктар жөнүндө айтып берди. Ушундан кийин «Ленинградда төрөлгөндөр» документалдуу фильми көрсөтүлүп, “Адам Кудайды таштап кетсе дагы Кудай эч качан адамды таштабайт” темасында дискуссия болду. Бул жолугушуу вело жүрүштүн катышуучуларына алдыдагы ийгиликтерге жетүү үчүн дем жана күч-кубат берди. 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.