Епископ Даниил поздравил верховного муфтия Кыргызстана с праздником Курбан-байрам

  20 августа 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил верховного муфтия Кыргызстана с праздником Курбан-байрам

Улуу урматтуу Муфтий Хазрет!

Сизди жана Сиз жетектеген дин башкармалыгын жана бардык Кыргызстан мусулмандарын Ислам ыйык жерлерине зыяратчылыкты аяктоону жана ажылыктын аякташын түшүндүргөн, кадырлуу майрамдардын бири – Курман-айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам салттуу Исламга таандык адептик баалуулуктарды жана идеалдарды:  жакын адамдарына болгон сүйүүнү, боорукердикти жана адилеттүүлүктү даңктоого арналган. Биздин республикада салттуу исламды сактоо максаттарына кызмат кылган руханий-билим берүү программаларындагы Сиздин аракетиңиз эң жогорку баага татыктуу! Биздин коомдо жакшы коңшулук жана бири бирине жакшылык тилеген улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелер калыптанган. Биздин жалпы милдет – биргелешкен аракет менен аларды андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө.

Курман-айт майрамында чын дилимден Сизге, Улуу урматтуу Муфтий Хазрет, Сиз жетектеген дин башкармалыгына жана бардык Кыргызстан мусулмандарына бекем ден соолук жана узак өмүр, тынчтык жана жыргалчылык, иштериңиздерге ийгилик каалайм!

Урматтоо жана жакшылык каалоо менен,


Бишкек жана Кыргызстан епискобу

 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.