Епископ Даниил поздравил Президента Кыргызстана Сооронбая Шариповича Жээнбекова с праздником Курбан-байрам

  20 августа 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента Кыргызстана Сооронбая Шариповича Жээнбекова с праздником Курбан-байрам

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди жана бардык кыргызстандыктарды ыйык жерлерге болгон зыяратчылыктын аякташын түшүндүргөн, мусулмандардын эң барктуу майрамдарынын бири – Курман-айт майрамы менен куттуктайм.

Бул ыйык күн Ислам дининин эң жогорку адептик идеалдарын, биздин элдин тарыхынын жана маданиятынын мыкты салттарын өзүнө сиңирген. Курман-айт майрамы – жакын адамына кам көрүү жана үй-бүлөнүн биригүү майрамы. Ишеним сүйүүнүн жана биримдиктин, тобо кылуунун жана кечирүүнүн тиреги катары, адамдарды бирдиктүү руханий жалпылыкка бириктирет жана күчтүү элге айландырат.

Сиздин камкордугуңуз менен биздин республикада конфессиялар аралык тынчтык жана коомдук ынтымак сакталып келет, жаштарды адептик тарбиялоо, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө, биздин коомго жат болгон радикалдык жана экстремисттик идеяларды жайылтуу аракеттерине каршы аракеттенүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын көп түрдүү маданий мурасын сактоо үчүн мамлекеттин жана диний жамааттардын конструктивдүү өз ара аракеттенүүсүн андан ары улантууга жана өнүктүрүүгө зор үмүтүмдү билдирем.

Бул майрам күнү Сизге жана биздин республиканын бардык жашоочуларына бекем ден соолук жана жыргалчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү, бир тууган жана жакын адамдары менен баарлашуудан кубаныч алууну каалайм! 

Терең жана чын жүрөктөн урматтоо менен,


Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.