Бишкек епархиясында кезектеги Тихвин вело жүрүшү аяктады

  21 августа 2018   На русском
В Бишкекской епархии завершился очередной Тихвинский велопробег

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы менен жаштардын иштери боюнча бөлүм уюштурган кезектеги ар жылдык вело жүрүш 19-августта соңуна чыкты. Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан Тихвин вело жүрүшү экинчи жолу Ысы-Көлдүн түштүк жээгинде уюштурулду. Бул жылы спорттук иш-чара Преображения Господня майрамына жана Ленинград блокадасын бузуп өтүүнүн 75 жылдыгана арналды. Вело жаүрүштү өткөрүүгө Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коому көмөктөштү.

Азыркы вело жүрүш жаштардын кыймылдарын гана эмес, ар башка курактагы катышуучулардын башын бириктирди. Жүрүштүн эң жаш катышуучусу – Варвара 11 жашта, ал эми эң улуу катышуучусу – Владимир 55 жашта. Жаш курактын айырмасына карабастан, жүрүштүн катышуучуларынын арасында биримдик жана толук өз ара түшүнүшүү өкүм сүрдү. Катышуучулар зарыл учурда бири-бирине жардамга келүүгө даяр турушту. Балыкчыдан тартып Караколго чейинки жол жеңил болгон жок, велосипеддер бузулган, катышуучулар жаракат алган учурлар болду, бирок,  тоскоолдуктарга карабай, катышуучулар көздөгөн максатына бара жатышты.

Вело жүрүштүн программасы боюнча Балыкчы шаарына, Кажы-Сай жана Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына токтоп жана түнөө пландалган. Бул калктуу конуштардын ар биринде вело жүрүштүн максаты болгон окуяларды чагылдырган иш-чаралар уюштурулуп жана өткөрүлүп турду. Жалпы жол жүрүүдө катышуучуларды Тихвин Кудай Эне иконасы коштоп жүрдү. Колоннанын башындагы велосипеддерде епархиянын, жаштар бөлүмүнүн желектери жана Тихвин образынын сүрөтү тартылган желектер желбиреп турду.

Вело жүрүштүн катышуучулары чогулган күнү Балыкчы шаарында Ленинград блокадасынын катышуучусу Петр Петрович Семенов менен жолугушуу болду жана “Ленинградда төрөлгөндөр” документалдуу фильми көрсөтүлдү. Мындан тышкары, протоиерей Артемий Долотов менен “Биз Кудайды таштасак дагы, Кудай бизди эч качан таштабайт” (Ленинград блокадасынын мисалында) темасында маектешүү болду жана блокада учурунда курман болгондорго арналган лития өткөрүлдү. Блокаданын алынганына арналган вело жүрүш Ксения Петербуржская храмында өткөнү дагы символикалуу болду. Вело жүрүштүн ачылышына Балыкчы шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү прессанын өкүлдөрү катышканын, ошондой эле “Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому” коомдук бирикмесинин төрагасы Кутанов Марат Асанбекович вело жүрүштүн катышуучуларын Караколго чейин коштоп барганын белгилей кетүү зарыл.

16-августта эрте таңда вело жүрүштүн катышуучулары Кажы-Сай айылына жөнөштү. Маршруттун бул участогу эң узун (112 км) жана Кескен-Бел ашуусу (2109 м) абдан оор болду. Кажы-Сай айылында велосипедчилер көл ээгине палата лагерин тигип, биринчи түндү өткөрүүгө даярданышты. Узак жолдо чарчаганына карабастан, катышуучулардын баары кечинде Рождество Христово урматына арналган сыйынуу үйүндө Кечки сыйынууга барышты.

17-августта вело жүрүшүн катышуучулары 83 километр жол басып, Кызыл-Суу айылына, Покрова Божьей Матери храмына келишти. Жолдун экинчи күнү Эфестин Жети Баласын эскерүү күнүнө туш келди. Мындай керемет окуянын урматына храмдын насаатчысы – иерей Алексей Гуров менен “Жаш жигиттер – Эфестин жети баласынын эрдиктери” темасында маектешүү болду. Бул маектешүү катышуучулардын баарынын жүрөктөрүнөн түнөк тапты, ошондуктан сөз бул теманын алкагынан алыс чыгып, ар башка конфессиялардын ортосундагы мамилелер жана өз динин кантип туура жайылтуу керек деген маселелер талкууланды. Вело жүрүштүн катышуучуларынан тышкары маектешүүгө Кызыл-Суу айылындагы «Покров» жаштар клубунун өкүлдөрү дагы катышты.

18-августта – вело жүрүштүн акыркы күнү, эртең менен бир аз жол жүргөндөн кийин (37,5 км) жүрүшчүлөр Каракол шаарындагы Святая Троица храмына барышты. Бул жерде вело жүрүштүн катышуучулары шаар ичинде сейилдеп, узак жолдон кийин эс алышты. Кечинде баары всенощное бдениеге катышып жана причастиеге даярданышты. Мындан тышкары, Каракол шаарынын жаштары менен жолугушуу өтүп, протоиерей Сергий Чувичкин менен «Хорошо нам здесь быти» - апостолдордун кубанган учуру. Биздин жашообуздагы Фавор тоосу” темасында маектешүү түн ортосуна чейин уланды. Ошондой эле бул күнү Ленинград блокадасынын катышуучусу менен жолугушуу өтүп, ал согуш жылдарында адамдар башынан өткөргөн оорчулуктар жөнүндө айып берди.

19-августта эртең менен, Преображения Господня майрамында, вело жүрүшчүлөр Литургияга катышышты, андан кийин иш-чаранын катышуучуларынын баары эңсеп келген окуя - Тихвин кудай Эненин иконасына Акафист окулду.

Бул татаал вело жүрүштүн оорчулуктары “Кыргыз бермети” болгон Ысык-Көлдүн эң кооз жерлерине сууга түшүү менен жеңилдеп турганын жана мындай мүмкүнчүлүк катышуучулардын башын бириктирип, ынтымакка жол ачканын белгилей кетүү зарыл.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.