Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында жайгашкан ыйык князь Владимир мектебинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  02 сентября 2018   На русском
В школе святого князя Владимира на территории Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялось торжественное мероприятие, посвящённое Дню знаний (+ВИДЕО)

2018-жылдын 1-сентябрында собор аянтында Билим күнүнө арналган салтанат болду. Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда өткөн молебенден кийин жаңы окуу жылынын башталышына арналган майрамдык линейка болуп, ага ардактуу меймандар - Кыргыз Республикасындагы Россия билим жана илим борборунун жетекчисинин орун басары Царёва Ирина Гурьевна жана Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевна катышты.

Чогулгандарга Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин саламдашуу кайрылуусун епархия башкармалыгынын катчысы иерей Александр Пелин окуп берди. Архиерейдин педагогдорго, ата-энелерге жана окуучуларга жолдонгон кайрылуусунда епископ Даниил Билим майрамы жана жайы окуу жылынын башталышы менен куттуктаган.

“Окутуу жана окуу – педагогдор үчүн да, окуучулар үчүн да татаал жана абдан маанилүү иш. Ал олуттуу мамилени, чыдамдуулукту, көңүл бурууну жана бири-бирин сыйлоону, окуу жайына аяр мамиле жасоону талап кылат. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени мектеп менен класс – окуучулар үчүн да, педагогдор үчүн да экинчи үй-бүлө болуп калат.

Биздин балдар кыйынчылыктарды жеңип өтүп, чыныгы билимдүү адамдардан болуп, келечекте биздин коомду өнүктүрүүгө татыктуу салып кошот деп ишенем!

Мен бардык окутуучуларга жана окуучуларга – чың ден соолук жана рух тазалыгын, Кудайдын жардамын жана ийгиликтерди каалайм! Педагогдор менен ата-энелерге – акылмандык жана чыдамдуулук, окуучуларга – тырышчаактык жана эмгекти сүйүүнү, мыкты бааларды жана келе жаткан окуу жылында жаңы, кызыктуу ачылыштарды каалайм!,” – деп Владыка Даниил өз кайрылуусунда белгилеген.

Быйыл башкаруучу архиерей мектептке физика жана химия сактары үчүн эки лабораториялык топтомону белекке берди.

Билим күнүнө арналган иш-чара ар бир мектеп үчүн – кубанычтуу, жоопкерчиликтүү окуя, эгер ал кооз оюн катары уюштурулса – анда ал өмүр бою эсте сакталып кала турган окуя болот.

Майрамдын программасында расмий бөлүк менен насаат сөздөрдөн тышкары энергиялуу бийлер, назик вальс, биринчи класска кирип жаткан балдардын сөздөрү каралган. Ар бир адам үчүн кымбат жана тааныш болгон Буратино, ташбака Тортилла персонаждары иш-чарага жомоктогудай маанай берип турду.  

Собор аянтында көп жылдан бери алгачкы жолу бардык он бир класстын окуучулары тизилшти. Быйылкы мааракелүү жылы мектепте өзгөчө окуя – алгачкы бүтүрүү болот. Мектептин директору Аристова Светлана Ивановна өзүнүн кайрылуусунда: “Башка мектептерден айырмаланып, биз жогорку класска окуучуларды кабыл алган эмеспиз. Мектеп өз турмушун жалгыз гана биринчи класс менен баштап, окуучулар менен бирге он биринчи класска чейин өсүп чоңойду”, - деп баса белгиледи.

Билим күнү – биринчи коңгуроо жана толкундануу, гүлдөр жана ак бантиктер жана албетте, толук кандуу инсанды калыптандыруудагы абдан маанилүү иш! Биз окуучуларды жана ата-энелерди, мектептин директорун жана мугалимдерин, диний насаатчыларды бул өзгөчө майрам – Билим күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Ар дайым биздин балдарыбыздын жашоосунда  кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бере турган билимге, акылмандыкка орун бар болсун. Кудай бизге жардам берсин!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.