Епископ Даниил ыйык князь Владимир мектебинин педагогдорун, ата-энелерди жана окуучуларды Билим күнү менен куттуктады

  01 сентября 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил педагогов, родителей и учеников школы святого князя Владимира с Днём знаний

Урматтуу педагогдор жана ата-энелер, кымбаттуу окуучулар!

Билим майрамы жана жаңы окуу жылынын баштылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

1-сентябрь – ар бир окуучу жана окутуучу үчүн кымбат майрам. Педагогдор үчүн – ишиндеги жаңы этаптын башталышы, өздөрүнүн бой тартып калган тарбиялануучулары менен жолугушуу жана балдарга керемет билим дүйнөсүн ачып берүү мүмкүнчүлүгү. Балдар үчүн – олуттуу иштин жаңы этабы, достору менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү, ийгиликтер жана жаңы ачылыштар. Кудайдын Ыйык Китеби билим алууга үндөйт: “Окутулбагандар мага жакындап жана билим үйүнө киргиле, анткени силер буга муктаж болупр, жан-дүйнөңөр суусап турат. Мен оозумду ачам жана айтам: билим алгыла... башыңарды ага ийгиле, жан-дүйнөңөр билимди кабыл алсын... Көп сандаган күмүштөргө билим сатып алгыла, ал силерге көп алтын алып келет” Сирах 51 : 31-34.

Окутуу жана окуу – педагогдор үчүн да, окуучулар үчүн да татаал жана абдан маанилүү иш. Ал олуттуу мамилени, чыдамдуулукту, көңүл бурууну жана бири-бирин сыйлоону, окуу жайына аяр мамиле жасоону талап кылат. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени мектеп менен класс – окуучулар үчүн да, педагогдор үчүн да экинчи үй-бүлө болуп калат.

Биздин балдар кыйынчылыктарды жеңип өтүп, чыныгы билимдүү адамдардан болуп, келечекте биздин коомду өнүктүрүүгө татыктуу салып кошот деп ишенем!

Мен бардык окутуучуларга жана окуучуларга – чың ден соолук жана рух тазалыгын, Кудайдын жардамын жана ийгиликтерди каалайм! Педагогдор менен ата-энелерге – акылмандык жана чыдамдуулук, окуучуларга – тырышчаактык жана эмгекти сүйүүнү, мыкты бааларды жана келе жаткан окуу жылында жаңы, кызыктуу ачылыштарды каалайм! Бизге Кудай жардам берсин!

БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.