Ташкентте Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын I съезди башталды

  07 сентября 2018   На русском
В Ташкенте начался I съезд Православной молодежи Среднеазиатского Митрополичьего округа

6-сентябрда Ташкентте (Өзбекстан) Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын I съезди башталды.  Съездге  Тажикстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Россиядан (Калуга епархиясы) делегаттар келишти.

Съезддин ачылышы жакшы иштин башталышына карата Крымдын жана Симфереполдун Архиепискобу Лука Войно-Ясенецкий семинардык храмында молебен өткөрүү менен башталды.

Съезддин ачылышына жана кийинки ишине Орто азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан епискобу Викентий батасын берди. Өзүнүнү сөзүндө архипастырь жаштарга тарбия берүү маселесиндеги съезддин маанилүү ролун, ошондой эле Орус Православ Чиркөөсүнүн жана анын пастырларынын жооптуу миссиясын баса белгиледи “.....анткени биз собор менен гана азыркы эгоцентрик коомдун азгырыктарына каршы тура алабыз....”.

Бишкек жана Кыргызстан епискобунун атанын катышуучуларга кайрылууну жаштар иштери боюнча епархия бөлүмүнүн башчысы иерей Илия Меляков окуп берди.

Жаштар Съезди Орто Азия митрополия округунун ачылган күнүнө арналды, бул тууралуу сьезддин катышуучулары өз сөздөрүндө белгилеп кетишти. Жаштар бөлүмдөрүнүн башчылары докладдарында иш-аракеттер тууралуу презентацияларды көрсөтүшүп, көйгөйлөрдү талкуулашты, ошондой эле өздөрүнүн жамааттарында жасалып жаткан иштерди  жана идеяларды ортого салышты.

Калуга епархиясынын өкүлдөрүнүн презентациясын жаштар хору коштоп, катышуучуларды мыкты вальс менен кубандырышты.

Кыргызстандын делегациясынын курамына өлкөнүн ар башка региондорунан алты өкүл кирди.

Катышуучуларга Кудайдын батасын жана жемиштүү иш каалайбыз!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости