Епископ Даниил мугалимдерди Эл аралык мугалимдер майрамы менен куттуктады

  05 октября 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил преподавателей с международным  Днем учителя

Эл аралык майрам - Мугалимдер күнүн утурлай билим берүү тармагында жана Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жекшембилик жана жалпы билим берүүчү мектептеринде эмгектен инсандарды кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Чиркөө ар заманда жаш муундарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бөлүп келген жана бул татаал ишке өз өмүрүн арнаган адамдарга – мугалимдерге чоң урмат менен мамиле кылып келген.

Мугалим – жөн гана кесип эмес, бул коомго кызмат өтөө, бүт өмүрүн билим берүүгө арноо. Мугалим  билимдүү, көп тараптуу өнүккөн жана адептүү муунду – өз окуучуларын тарбиялоо үчүн өз убактысын, жеке турмушун жана ден соолугун курмандыкка чалат.

Кымбаттуу педагогдор, мен сиздердин чексиз чыдамдуулугуңуздар, акылмандыгыңыздар жана окуучуларга арналган  сүйүүңүздөр үчүн ыраазылык билдирем. Бүгүн дүйнөдө жакшы менен жамандын чектери жок болуп бара жатканда сиздердин эмгегиңиздерди эрдикке теңөөгө болот. Биз сиздер менен жалпы ишти аткарышыбыз керек: биздин балдарыбызга жашоо жолун тандап алууга жана биздин элибиздин салттуу баалуулуктарына бекем турууга жардам беришибиз керек.

Кудайга сыйынуу менен сиздерге ардактуу эмгек өтөө үчүн бекем руханий жана дене саламаттыгын жана окуучулардын чыныгы урматына ээ болууну каалайм! Кудай сиздердин эмгегиңиздерге батасын берип, татаал ишиңиздерге жар болсун!

 

  
Бишкек жана Кыргызстан Епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.