Димитриев ата-энелер ишембисинде Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү

  03 ноября 2018   На русском
В Димитриевскую родительскую субботу Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 3-ноябрында, Пятидесятница боюнча 23-седмицада, Димитриев ата-энелер ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү.

Сыйынуудан кийин Улуу урматтуу епископ келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Бүгүн биз Куткаруучу Кудайдан ата-энелерибизге бейиш сурап, күнөөлөрүн кечирип, куткарып калууну сурап туруу үчүн чогулдук. Өлүм жок! Биздин ыйык Чиркөө бизге өлүм жок деп үйрөтөт, бир дүйнөдөн башка дүйнөгө өтүү гана бар. Жан денеден чыккандан кийин жаңы шартта жашай баштайт. Эми ал өзүнүн абалын өзгөртө албай калат, ошондуктан өлгөн адамдын Чиркөө менен руханий байланышы болушу керек.

Ыйык Аталар айткандай, Кудайдын жалпы сотуна чейин өлгөндөрдүн аркы дүйнөдөгү абалдарын өзгөртүүгө болот, анткени тирүүлөрдүн жандары менен өлгөндөрдүн жандары бир Христтин денесине, башкача айтканда, Чиркөөгө таандык болот. Иисус Христос – тозокту талкалайт! Ал тозоктун дарбазасын бекитип салууга эрки жетет, ошондуктан тирүүлөрдүн өлгөндөрдүн жаннатын сурап сыйынганы өзгөчө маанилүү.

Сыйынуу жөнөкөй адамдын күчү жетпеген кереметти жасай алат. Кудай өзнүнү кудурети менен  бул чындыкты тартуулайт, бизди Кудай жолуна жана каза болгон ата-энелерибиз үчүн сыйынууга үндөйт.

Ошондуктан Димитриев ата-энелер ишембиси каза болгондорго дуба кылып, православ көрүстөнүнө кам көрүп, аркы дүйнөгө кеткен жакындарыбыз менен тааныштарыбыз жөнүндө сыйынып, кеткендер тууралуу жакшы элести сактап турууну эскертип келет.

Баарыңыздарга ыйык дубага катышканыңыздарга ыраазылык айтам. Баарыбызды Кудай жалгасын, Кудай бизди сактасын!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.