Россиядагы Элдердин биримдиги күнүн утурлай Жалал-Абадда Орус диаспорасынын имаратында Кыргызстандын түштүгүндөгү мектеп окуучуларынын арасында орус шашкасы боюнча турнир өттү, Иш-чарага “Светоч” мектебинин, Успения Богородицы храмынын жекшембилик мектебинин (Жалал-Абад), ЖККУунун “Кант” аба базасындагы Александр-Невский Храмынын алдындагы жекшембилик мектептин окуучулары, ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары катышты. Мелдештерге жалпы 66 бала катышты.
Турнирдин уюштуруучулары – Россия аба базасынын командачылыгы жана Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын аскердик бөлүмүнүн жетекчиси, уюштуруучу – “Кыргызстандын Шашка Федерациясы” коомдук бирикмесинин президенти Р.Т. Абдуллаев. Иш-чаранын расмий демөөрчүсү «Ns-inform konsalting» башкы директору А.Л. Гайдуков.
Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө “Мегаком” компаниясынан сыйлыктары, дипломдор, медалдар жана кубоктор тапшырылды. Бадар жана аларды ата-энелери иш-чарадан чоң таасирлерди алышты!