Престольный майрамында епископ Даниил Васильевка айылындагы Казань Кудай Эне иконасы храмында Литургия өткөрдү

  05 ноября 2018   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Казанской иконы Божией Матери села Васильевка

2018-жылдын 4-ноябрында, Пятидесятница боюнча 23-аптада, Казань Кудай Эне иконасы майрамында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Васильевка айылындагы Казань Кудай Эне иконасы храмында Литургия өткөрдү.

Улу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиев), Казань Кудай Эне иконасы храмынын башчысы протоиерей Леонид Игнатов, иерей Георгий Дворовой. Лтуриянын соңунда казактардын катышуусу менен храмдын айланасына кресттүү жүрүш өткөрүлдү.

Андан кийин епископ келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды: “Кымбаттуу бир туугандар, сиздерди ыйык храмдагы майрам менен куттуктайм! Бүгүнкү жекшемби – 4-ноябрь – кудай Эненин алдында биз өзгөчө сезим менен сыйынабыз. Биздин ар бир кылган дубаларыбыз Пресвятая Богородицага болгон өзгөчө сүйүү менен айтылат. Бул майрамда сыйынуу орус кишиси үчүн, орус жүрөгү үчүн өзгөчө орунду ээлейт. Кишинин жүрөгү кубанычка толот, анткени жалпы христиан балдарынын Коргоочусу биздин жерибизди, биздин храмдарыбызбды жана биздин элибизди коргоп турат.

Кымбаттуу бир туугандарым, баарыңарды бири-бириңер үчүн сыйынууга чакырам, анткени сыйынуу биздин денебизге жана жаныбызга күч-кубат берет. Бул дүйнөдө бизди азгырыктар, оору жана кайгы коштоп жүрөт. Бирок биз кайгы-капаны Кудай бизди сыноо үчүн, биз Ага жүзүбүздү бурушубуз үчүн жиберип жатканын унутпайлы. Бул кыйынчылыктар үчүн Кудайга шүгүр айталы, анткени биз баш ийгенде гана Кудайдын Падышалыгынын дарбазасы бизге ачылат.

Баарыңыздарга кылган дубаңыздар үчүн ыраазылык айтам. Биздин баарыбызды Кудай Эненин түбөлүк көшөгөсү коргоп турсун. Биз күнөөлүү, алсыз кишилербиз, бирок Кудай Эне - балдары кандай күнөөлүү болсо дагы сүйгөн Эне, дайыма өз балдарын коргоп, колдоп турат.

Баарыбызды Кудай сактасын, Майрамыңыздар менен!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.