9-ноябрда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар залында “Борбор Азиядагы Чиркөөнүн тарыхы” секциясы иштеп баштады, аны православ тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, поофессор Екатерина Евгеньевна Озмитель жетектеди.
Секциянан ишин саламдашуу сөзү менен ачып жатып, Екатерина Евгеньевна Борбор Азия өлкөлөрүнүн православ тарыхчыларынын башын бириктирип турган Ыйык-Антоний окууларынын уникалдуулугун баса белгиледи. “Биз ортоазиялык ыйыктардын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу билимдерди топтоо үчүн борбор, байланыштыруучу звено болуп калдык. Биздин жалпы тарыхыбыздын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн чогулуп турабыз. Баарлашуу тажрыйбасы бизге чиркөө биримдигин жана маалымат алмашууну берет. Анткени азыр ар башка өлкөлөрдө иштеп жаткан биздин тарыхчыларыбыз бир кездеги Түркстан епархиясынын жаңы азап тартуучулары жана исповедниктери тууралуу билимдери толуктап жана системалаштырып турушат. Кичинеден чогултулуп жаткан мындай билимдер, акырындык менен жалпы коомдун байлыгы болуп кала бермекчи”.
Секциянын алкагында чакырылган меймандар өз баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Алгачкы болуп Ташкент Диний семинарийинин окутуучусу, тарых илимдеринин профессору Юрий Степанович Флыгин (Өзбекстан) сөз сүйлөдү. Анын баяндамасы Түркстан епискобу Иннокентийдин (Пустынский) өмүрүнө арналды.
Андан кийин Христ Спаситель храмынын ачкыччысы, Алматы диний семиранийинин тарых илимдер кафедрасынын башчысы протоиерей Александр Гайченя (Казахстан) сөзгө чыкты. Священник өз сөзүндө ыйык азап тартуучу Пимендин (Белоликов) өмүрү жана иштери, анын исповеддик кызматтары жана азыркы жаштарга сабак боло турган азап таркан ажалы тууралуу айтып берди.
Казакстандан келген Иеромонах Иаков (Воронцов) казакстандык жаңы азап тартуучулар жана исповедниктер калтырып кеткен диний мурастардын азыркы муунду тарбиялоодогу ролу тууралуу баяндама жасады.
Бир аз тыныгуудан кийин секциянын иши Ыйык-Тихонов Православ Гуманитардык Университетинин (Москва) ОПЧ соңку жаңы тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери Е.Е. Озмителдин баяндамасы менен улантылды. Екатерина Евгеньевна “ХХ кылымда Орус Православ Чиркөөсүн куугунтуктоонун тарыхы боюнча маалыматтык ресурстар” темасында баяндама жасады.
Ташкент дин семинарийинин окуу иштери боюнча проректору, благоверный князь Александр Невский храмынын (Ташкент шаары) башчысы протоиерей Сергий Стаценко “ХХ кылымдын 90-жылдарындагы Тажикстандагы жаштардын чиркөө кыймылынын өзгөчөлүктөрү” темасында доклад окуду.
Секциянын иши ыйык праведный Иоанн Кронштадтский храмынын башчысы протоиерей Вадим Алексеевдин (Казакстан) Москва жана Орус Патриархы митрополит Иосифтин (Чернов) көз карашы боюнча ар-намыс тууралуу баяндамасы менен аяктады.