VII илимий-дин таануу эл аралык Ыйык-Антоний окууларынын биринчи күнү. “Сергектик эркин тандоо жана жоопкерчилик катары” конференциясы жана “Жаштар. Жашоо жолун тандоо” темасындагы тегерек стол

  09 ноября 2018   На русском
Первый день работы VII Международных Свято-Антониевских чтений. Конференция «Трезвость как свободный выбор и ответственность» и круглый стол на тему «Молодежь. Выбор жизненного пути»

9-ноябрь, күндүн экинчи жарымында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар залында “Сергектик эркин тандоо жана жоопкерчилик катары” конференциясы болду.

Иш-чарага Бишкек епархиясынын Сергектик коомунун жетекчиси, ыйык тең апостол улуу князь Владимир храмынын клириги диакон Андрей Тонких модератор болуу менен “Аддиктивдүү жүрүм-турум” темасында баяндама окуду.

“Көз карандылардын психологиясынын өзгөчөлүктөрү” баяндамасы менен Ташкент дин семинарийинин проректору, протоиерей Сергий Стаценко (Өзбекстан) чыгып сүйлөп, көз карандылыктын түрлөрү жана аракечтикти жараткан психологиялык көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Христ Спаситель храмынын клириги (Алматы), “Баңгиси жок Казакстан” коомдук фондунун директору, Протоиерей Анатолий Измеров “Көз каранды кишилерге жана алардын жакындарына жардым берүүнүн комплекстүү ыкмасы” темасында баяндама жасады. Дин кызматкери баңгиден жана арактан көз каранды кишилер менен иштеген өзүнүн тажрыйбасын, Казакстанда иштеп жаткан комплекстүү реабилитациялоо программасы туралуу айтып берди.

Акыркы баяндама менен көз карандылык боюнча кеңешчи, “Баңгиси жок Казакстан” коомдук фондунун программасынын жетекчиси Злобин Денис Евгеньевич (Казакстан) чыгып сүйлөдү. Денис Евгеньевич көз каранды кишилердин психологиясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу, ошондой эле реабилитациялык борбордо иштеген тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Баяндамачылар козгогон темалардын баары аудиторияга терең таасир берип жатты. Залдан көптөгөн курч суроолор берилип, кызуу дискуссия болуп турду.

Пландалган эки сааттын ордуна конференция үч саатка созулду. Жолугушуунун темалары чоң кызыгуу жараткан себептен, диакон Андрей Тонких конференцияны кийинки күнү Окуулардын регламентинен тышкары улантуу сунушун киргизди.

Ушул эле убакта ыйык князь Владимир мектебинин класстарынын биринде жаштар иштери боюнча бөлүм “Жаштар. Жашоо жолун тандоо” темасында тегерек стол өткөрдү. Жаштар менен балыкчы шаарындагы Блаженная Ксения храмынын башчысы Артемий Долотов,  жаштар бөлүмүнүн жетекчиси иерей Илия Меляков маектешти. Православ жаштар кыймылынын мүчөлөрү менен бирге тегерек столдун ишине Кыргыз-Россия Славян университетинин дин таануу факультетинин студенттери катышты. Талкууланган маселелердин чөйрөсү белгиленген теманын алкагынын алыс чыгып кеткенин белгилей кетүү зарыл. Жаштар заповеддерди сактоо, ар башка диндердин адам өмүрүнүн баалуулугуна жана тандоо эркиндигине болгон көз караштары, ошондой эле акыркы убакта актуалдуу болуп жаткан чиркөөнү бөлүп-жаруу маселелерине кызыгышты. Жалпысынан маектешүү абдан натыйжалуу болуп, жылуу, достук маанайда өттү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.