2018-жылдын 10-ноябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар залында ыйык схиархиепископ Антонийдин (Абашидзе) элесине арналган VII илимий-дин таануу эл аралык окууларынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган окуучулардын конференциясы болду.
Иш-чара Ыйык-Воскресенск кафедрадлык соборунда жакшы иштин башында молебен өткөрүү менен башталды. Аны ыйык князь Владимир мектебинин духовниги, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы протоиерей Андрей Кунавин жетектеди.
Быйылкы мектеп конференциясына жогорку класстардын окуучуларынан тышкары кенже класстардын окуучулары дагы катышты. Иш-чара үч секцияга бөлүнүп, анын экөө бир убакта иштеди. Биринчи секцияда Ч.Т. Айтматовдун чыгармалары боюнча аппликациялардын конкурсу өткөрүлдү. Экинчи секцияда атактуу жазуучунун чыгармалары боюнча викторина өткөрүлдү. Биринчи эки секциянын ишинин жыйынтыгында компетенттүү калыстардын чечими менен конкурстардын эң мыкты катышуучулары ардак грамоталар менен сыйланышты.
Биринчи эки секциянын ишинин жыйынтыгы менен катар “Адабий викторина” деп аталган №3 секция өзүнүн ишин баштады. Анда Л. И. Сумароковдун Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармычылыгына арналган “Адам-Аалам” китебинин бет ачары болду. Мектеп окуучулары баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. Мектептин ар башка класстарынан түзүлгөн командалар жазуучунун чыгармаларын мыкты билүү боюнча күч сынашты. “Визуалдык ой жүгүртүү” деп аталган өзүнчө конкурста катышуучу командалардын өкүлдөрү көркөм сүрөттөр боюнча алардын эмнени билдирээрин айтып беришти. Уюштуруучулар кыргыздын улуу жазуучусунун чыгармаларында сөз болгон Ысык-Көл, Фергана өрөөнү жана башка жерлердин сүрөттөрүн тандап алышкан. Иш-чарага мугалимдер дагы катышып, жазуучуга арналган ырларды окуп жатышты, ошондой эле Айтматовдун досу, белгилүү дагестан акыны Расул Гамзатовдун ырлары дагы окулду. Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрдү кыргыз жана орус тилдеринде окуп беришти.
Конференциянын соңунда жолугушуунун жыйынтыгы чыгарылып, аны протоиерей Андрей Кунавин тааныштырды. Иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына ардак грамоталар тапшырылды.