Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын православ матушкалары епископ Даниилди Христостун Туулган күнү менен куттукташты

  16 января 2019   На русском
Православные матушки Бишкекской и Кыргызстанской епархии поздравили епископа Даниила с Рождеством Христовым (+ВИДЕО)

Өткөн жылдын 17-декабрында, ыйык азап тартуучу Варвараны эскерүү күнү, епископ Даниилдин батасы менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын православ матушкаларынын Кеңеши түзүлгөн (салттуу түрдө дин кызматкерлеринин жубайлары матушка деп алатат).  Кеңешти матушка Ирина Рейгман жетектейт (Ош шаарындагы Архистратиг Божий Михаил храмы).

Түзүлгөн кеңештин алгачкы демилгелеринин бири – Рождестволук ыйыу күндөрү “Башчыны куттукта” акциясын өткөрүү. Ар бир матушка өзүнүн чиркөө коомунда рождестволук колядкаларды ырдоо жана куттуктоону видеого тартуу үчүн клирос же балдардын хорун уюштурду. Ошентип, бир нече “видеоколядка” чогулткан матушкалар Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын башчысы епископ Даниилди Христостун Туулган күнү майрамы менен куттукташты. Азыркы убакта акцияга Бишкек епархиясынын ар башка благочиндиктеринин 12 чиркөө коому катышты жана куттуктоолор уланып жатат. Эрежеден тышкары Александр Невский храмынан (ЖККУнун “Кант” аба базасы) бир куттуктоо келди, анда “матушкалардын” акциясына батюшка – иерей Евгений Циклаури дагы өзү даярдаган куттуктоо менен кошулган.

Башчы Даниил күтүлбөгөн куттуктоолорду алганда “эң жылуу сезимде болгонун” айтуу менен ыйык күндөрү “православ матушкаларынан келген улуу кубаныч үчүн” чын дилден ыраазылыгын билдирди.

Түзүлгөн Православ матушкаларынын кеңешинин иш-аракеттери дин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө ар кандай жардам берүүгө, формалдуу жана формалдуу эмес епархиялык иш-аракеттерди уюштурууга, салтанаттуу учурлар боюнча куттуктоолорду уюштурууга, жогорку класстардын окуучуларына кесип тандоого, ЖОЖго тапшырууга ж.б. жардам берүүгө багытталган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.