Епископ Даниил Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө болгон вандализм актына байланыштуу Кыргызстандын православ дин тутуучуларына кайрылды

  12 января 2019   На русском
Обращение епископа Даниила к православным верующим Кыргызстана в связи с актом вандализма, совершённом на православном кладбище села Ананьево

Кымбаттуу бир туугандар, Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө болгон мыйзамсыз окуяны укканда жүрөгүм ооруду. 

Тилекке каршы, көрүстөндөрдөгү вандализм актылары биздин күндөрү кандайдыр-бир уникалдуу окуя болбой калды. Бул сыяктуу кылмыштар жасалып келген жана жасалып жатат. Анын чыныгы мотивдери тартип коргоо органдары кылмышкерлерди кармаганда гана белгилүү болот.

Православ көрүстөнүндөгү талкалоо – бул жаман трагедия. Эстеликти мазактоо, тирүүлөрдү басынтуу, эң аяр жерине сокку уруу аракети – коркоктордун жүзүкара, адамгерчиликсиз жосуну.

Каза болгондорго жасаган мамилеси боюнча тирүүлөргө баа берилет. Бардык салттуу диндерде көрүстөн – өлгөн адамдар жалпы тириле турган орун деп эсептелет. Ошондуктан Православ Чиркөөсү Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө болгон вандализм актын сынга алат жана Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарын күнөөлүүлөрдү жазалоо боюнча, келечекте мындай кудайга жакпаган ш-аракеттердин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө чакырат.

Мен, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын башчысы катары биздин коомду бул окуяга аң-сезим менен, күчөтпөстөн, өз ара күнөө койбостон, жеке териштирүү жана негизсиз айыптоолорсуз мамиле жасоого үндөйм. Бул иштин артында ким гана турбасын – бул кылмыш бир ууч гана арамзаа кишилердин кылганы. Биз күнөөлүүлөр табылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында татыктуу жазасын алышат деп ишенебиз.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.