2019-жылдын 12-январында Интернетте Ананьево айылынын православ көрүстөнүндө белгисиз бирөөлөр кресттерди, эстеликтерди, тосмолорду талкалап салганы тууралуу маалымат пайда болгон. Күбөлөрдү сурамжылоодо 2019-жылдын 11-январында болжол менен саат 16:00дө чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу жана Ананьево айылынын жашоочулары сыйынуу үчүн келгенде үрп-адаттарды басмырлаган иш-аракеттердин кесепетин көрүшкөн. Милиция кызматкерлери талкаланып жаткан ондогон жыгач кресттерди жана бузулган 2 мрамор эстеликти табышкан.
13-январда таң эртеден Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы менен 13 кишиден турган топ талкаланган көрүстөндү калыбына келтирүү иштерине катышуу үчүн жөнөп кетишкен. Топту Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун клириги - иерей Владимир Кусаинов жетектеди. Топтун курамына диакон Виктор Штыркин, казактар, епархиянын жаштар бөлүмүнүн өкүлдөрү, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун прихожандары киришти.
Ыктыярчылар сындырылган 48 крестти калыбына келтиришти жана мүрзөлөргө орнотушту. Преподобный Ираклий Ысык-Көлдүктүн эстелигинин алдында көзү өткөндөргө панихида өткөрүлдү, ошондой эле көрүстөндөгү мүрзөлөрдү карап чыгышты.
Жүргүзүлгөн иштерге катышкандардын айткандары боюнча, бузулган эстеликтердин көпчүлүгү калыбына келтирилди.