Бишкек епархиясында Рождестволук бал өткөрүлдү

  12 января 2019   На русском
В Бишкекской епархии прошли Рождественские балы

 2019-жылдын 11-январында Бишкек жаан Кыргызстан епархиясынын жаштар иштери боюнча бөлүмү православ жаштары үчүн ар жылы уюштуруп келген, салтка айланып калган Рождесвто балы болду.  Биринчи бал 13 жаштан 17 жашка чейинки мектеп-окуучулары үчүн, экинчиси 17 жаштан 35 жашка чейинки жаштар үчүн уюштурулду.

Жалпысынан бий марафонуна Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Каракол шаарынын приходдорунан келген 70тен ашык киши катышты.

Салт боюнча эки бал тең жакшы ишке арналган молебенден башталды. Балдын программасына бийлерден тышкары, бийлердин ортосунда көңүл ачуу үчүн гана эмес, Рождество майрамы тууралуу айтып берүү максатында өткөрүлгөн көптөгөн конкурстар дагы кирди.

Көп убакыт тыныгуудан кийин алгачкы жолу рождестволук балга Каракол шаарындагы «Ковчег» жаштар клубунун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар үчүн Архиерейлик балатыны уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан ыктыярчыларга алкыш каттарын тапшыруу күтүлбөгөн жагымдуу белек болду.

Иш-чара өз максатында жетти, катышкандардын баары бийлерден жана жаңы жолугушуулардан кубаныч алышты. Балдын бардык катышуучулары бир аз кайгыруу менен коштошуп жатышты – майрам бүттү, бирок балдардын ортосунда пайда болгон жылуу, достук мамилелер мындан кийин дагы улана бермекчи.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.