Епископ Даниил «Иммунизациялоо: мамлекеттин жана диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсү» конференциясына катышты

  16 января 2019   На русском
Епископ Даниил принял участие в конференции «Иммунизация: взаимодействие государства и религиозных организаций»

2019-жылдын 16-январында “Орион” отелинде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү менен өнөктөштүктө Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурган «Иммунизациялоо: мамлекеттин жана диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсү» конференциясы башталды.

Конференцияны өткөрүүнүн максаты “2018-2020-жылдары пландуу иммунизациялоо маселелери боюнча коммуникациялык стратегияны” жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, диний уюмдардын жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү катышты.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын атынан конференциянын ишине Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, епархиянын катчысы протоиерей Алексей Сыромятников, епархиялык башкаруунун катчысы иерей Александр Пелин, епархиянын юридикалык кызматынын жетекчиси Иванова Елена катышты.

Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн атынан башчы Даниил иш-чаранын катышуучулары менен амандашты:

«Биздин өлкөнүн калкынын ден соолугун колдоо жана чыңдоо боюнча таасирдүү иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик бийлик органдарынын приоритеттүү милдеттеринин бири. Калкты иммунизациялоо чөйрөсүндө мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу – биздин республиканын өкмөтү тарабынан адамдарга кам көрүүнүн ачык далили.

Ыйык Апостолдордон тартып Ыйык Чиркөө кудайга сыйынууда жана жеке өз алдынча сыйынууда руханий гана эмес, дене бой саламаттыгы жөнүндө сыйынуу тууралуу осуят алынган, ал Кудайдын Осуяттарын аткарууда жана жакындарына таасирдүү кызмат кылууда күчтүү негиз болуп саналат.

Орус Православ Чиркөөсү жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттин бардык демилгелерин жигердүү колдойт жана бул алгылыктуу ишке колдон келишинче катышат.

Бүгүн мамлекеттик бийлик органдарынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин, илимдин өкүлдөрүнүн, диний уюмдардын жана дин менен байланыштуу маселелер боюнча эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнүн ортосунда кызыктуу пикир алмашуу жана бул маанилүү милдетти чечүүдө натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу орун алаарына ишенем.

Бардык катышуучуларга жана чакырылган конокторго жакшылык жана биринчи кезекте – ийгиликтүү жана жемиштүү ишти жана бүтүндөй Кыргызстан жашоочуларынын жыргалчылыгына жаңы конструктивдик чечимдерди каалайм!»

Конференциянын регламенти боюнча уюмга катышкан ар бир өкүл тема боюнча баяндама окуду. Башчы Даниилдин атынан баяндама менен Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексей Сыромятников чыгып сүйлөдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.