Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  11 марта 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 10-мартында, Адамдын кубаланышын эскерүү күнү, Прошенное жекшембиде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге кызмат өтөгөндөр:  протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр Путиев, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, иерей Владимир Ступников.

Литургиядан кийин башчы Даниил прихожандарды Улуу Посттун баштылышы жана масленица менен куттуктады.

“Кымбаттуу бир туугандар, бүгүн биз Адам менен Еванын бейиште жасаган күнөөлөрүн эстеп жатабыз. Кудай адамды өзүнө окшотуп жасаган, бирок жыландын ичи тарып, алгачкы кишилер Кудайга каршы чыксын деп Адам менен Еваны чагып алган. Адам менен Еванын кылмышы Жараткандын алдындагы биздин кылмыштарга салыштырмалуу аз эле болгон – алар тыюу салынган жемиштен ооз тийишкен, бүгүн адамдар жасап жаткан кылмыштар алардын күнөөлөрүнүн миң эсе чоң. Бул күнөөнү эстөө менен биз Улуу Постко барабыз, анын биринчи жумасы өтө оор, дубалар көп болот. Биздин сыйынууларыбыз Пасхага чейин өзгөрүп турат. Алар узак болуп, окуу көбөйөт, жерге ийилүү дагы көп болот. Бул бизди күнөөлөрдөн арылтуу үчүн Ыйык Чиркөө Энебиздин уставында каралган. Сыйынууларга көңүл коюу менен катышуу – бул оор нерсе, пост – бул эмгек. Киши акырындык менен буларга кире баштаганда руханий күнөөдөн арылуу башталат.  Киши өзүнүн алсыздыгын сезгенде гана түшүнө баштайт – мен киммин? Мен жумшак бутакмын, катуу шамал болсо мени сындырып кетиши мүмкүн.

Улуу постко кирип бара жатканда биз Евангелие окуусун уктук, биз пост кармап жана сыйынып жатканда биз аны көргөзмө үчүн кылбашыбыз керек. Биз башкаларга такыба кишидей көрүнүү үчүн, же арыктоо үчүн Улуу Постту тутунуп жаткан жокпуз. Пост – бул кайгылуу жүз эмес, бул баш ийип жана кечирим суроо убактысы. Пост – бул көзү өткөн жакындарды эстөө убактысы. Пост маалында бизде бир нече ата-эне ишембилери бар. Пост убагында биз кайрымдуулук жана сүйүү жаратабыз. Биздин аракеттерибизден сүйүү жана кайрымдуулук өсүп чыгышы керек. Эгер биз кайрымдуу болбосок, анда пост убактысы текке кетет. Кудайдын өзү - сүйүү. Кудай деген бул сүйүү, бул сөздү биз Пасха убагында салтанаттуу түрдө угабыз – ушул сөздөр Улуу Посттун финалы болот. Ар бир пост – биз үчүн өзгөчөлүү. Пост бизди чыдамдуулукка үйрөтөт. Чыдамдуу болуш үчүн биз көтөрүмдүү болуп, сыйлашып жана сүйө билишибиз керек. Биздин улуу ыйыктардын мисалы бар, Биз алардын өмүрүн билип, алардан үйрөнүшүбүз керек. Кудай бизге куткаруу үчүн зарылдардын баарын берген!”.

Литургиядан кийин Башчы келе жаткан жумадагы сыйынуулар жөнүндө бир нече кулактандыруу айтып, соборго келгендерге ыраазычылык билдирди.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.