2019-жылдын 10-мартынын кечинде, сүрбыштак жумасында, Адамдын кубаланышын эскерүү күнү, Прощеное воскресеньеде, Бишкек жана Кыргызстан епсикобу Даниил Бишкектеги ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда чин прощения менен вечерня өткөрдү.
Сыйынууда Улуу Урматтууга епархиянын дин кызматкерлери көмөктөшүп турушту.
Вечернянын отпустунан кийин башчы Ыйык Четыредесятницанын баштылышына арналган дуба окуду жана дин жолундагы кишилерге архипастырлык сөзү менен кайрылып, баарынан кечирим сурады.
“Кымбаттуу бир туугандарым, Улуу Постко кирип жатып, биз чин прощения жасайбыз. Анын алдында посттон ийгиликтүү өтүүгө жардам сурап, ыйык духту чакыруу үчүн чоң дубалар окулду. Мен эскертким келип турат – ар бир киши ден соолугуна жараша пост кармашы керек, кимдир-бирөөлөргө таптакыр пост кармоого болбойт. Тышкы физикалык пост тамак ичүүдөн кармануу гана эмес, кишини азгыргандардан дагы кармануу – ачуулануудан, сын айтуудан, кайгыруудан, чыдамсыздыктан ж.б.у.с. оолак болуу
Бул ыйык кечте жакшы салт бар – бири-биринен кечирим суроо, бул – улуу иш, бирок эскертким келет, Кечиримдүү Жекшембини күтпөгүлө, ага жетпей калышыбыз дагы мүмкүн. Ар бир жолу, ар бир учурда, ар бир саатта, ар бир мүнөттө биздин жашообузда кечирилген жекшемби бар. Күтүүнүн кереги жок! Эгер ачуулансак, урушуп кетсең, ошол замат, көпкө калтырбастан, элдеш. Жасаган жоруктарыбыз үчүн тобо кылууда бизде текебердик тоскоолдук кылат. Бирок биз өзүбүз жөнүндө көп ойлонобуз, биз жылдыз эмеспиз жана жылдызча дагы эмеспиз. Биз топурактын күлүбүз. Андан чыкканбыз жана ага кайрадан кайтабыз. Муну унутпаш керек. Бирок биздин дене күл болсо дагы, түбөлүк жан дүйнө – Кудайдын деми, жыргалчылыгы, мээримдүүлүгү, улуу сүйүүсү, Кудай адамдарга берген Кудайдын сүйүүсү бар. Ар бир адам бул баа жеткис тартуу – жан дүйнө менен төрөлөт, ал түбөлүктүү. Ал эч качан өлбөйт жана Кудайдын алдына барат. Бул эскертүү бизге терең момундукту, тобо кылууну берип жана өзүбүздүн терең руханий бузулуубузду аңдап түшүнүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек. Бүгүн биздин ыйык Чиркөө сунуштап жаткан жакшы жана изги иш биз көп учурда унутта калтырган нерсени – жөн гана бири бирибизден кечирим суроону эстөө”.
Андан кийин башчы Даниил дин кызматкерлеринен жана карапайым адамдардан кечирим сурады. Архипастырлык сөзүнүн аягында сыйынуунун бардык катышуучулары крестти өбүү үчүн епископко келишти жана кечирим кылуу сөзүн айтышты, андан кийин ар бири бир катар турган дин кызматкерлеринин жанынан өтүштү – крессти өөп жана бири биринен кечирим сурашты.
Улуу Посттун башталышы менен!