Орто Азия митрополиттик округунун Ыйык Синодунун Киев жана жалпы Украинанын улуу урматтуу митрополити Онуфрийге кайрылуусу

  22 марта 2019   На русском
Обращение членов Синода Среднеазиатского митрополичьего Округа к Блаженнейшему митрополиту Киевскому и всея Украины Онуфрию

Улуу урматтуу!

Кудайды сүйгөн башчы митрополит Онуфрий!

Украина Православ Чиркөөсүнүн дин жолундагы адамдарынын жана клирдин жашоосу тууралуу жаңылыкты терең кайгыруу менен кабыл алдык. Эрксизден Христин Чиркөөсүнө карата көп ирет болгон куугунтуктоолорду эстедик жана апостол Павелдин сөздөрүн эске салдык: “биз ар тараптын кысымга алындык: тышта – кол салуулар, ичте – коркуулар болуп турду”  (2 Кор. 7,5).

Бирок Христтин Чиркөөсүнүн куугунтук жасагандарды жеңип чыккан тарыхы, православ эли менен Украинанын дин кызматчыларынын катуу эрки бул куугунтуктоолорду динге болгон ишеним, кызуу сыйынуулар, православ пастырлардын жана дин жолундагы адамдардын сүйгөн жүрөктөрү жана терең ишеними менен жеңип чыгууга болооруна терең ишеним берип турат.

Улуу жана куткаруучу Посттун күндөрү биздин дубаларыбызга дем берип турат. Биз бир тууган Украина Чиркөөсүнүн дубаларына кошулабыз, Чиркөөнүн бакубат биримдигин бөлүп-жарууга болгон аракеттерден болгон кайгы-капаны чын жүрөгүбүз менен тең бөлүшөбүз. Бул жерде, Орто Азия өлкөлөрүндө “Көпчүлүк Христтеги бир денени түзөбүз” деген апостолдук эскертүү өзгөчө жандуу кабыл алынат. Чиркөө Энебиз менен биримдикте болуу кымбат жана маанилүү.

 Бул сөз Сиз үчүн,  Украина Православ Чиркөөсүнүн башчысы катары абдан зарыл, Украинанын православ калкы күч менен, анын ичинен физикалык күч менен жан кейиткен ажырымга тартылып жатканда, демек кутулуудан жана түбөлүк жашоодон ажыратып жатканда бул сөз өтө чоң мааниге ээ. Ыйык такыба Иоанн Кронштадский айткан: “Нойдун кемесиндегидей болуп Бизди Чиркөө гана куткарат, башка эч нерсе куткара албайт. “Эгер Чиркөөнү дагы укпаса, ал бутпарас жана кыйноочу болот” (Мф. 18:17). Чиркөө – биз, Христтин денеси жана Ал, Христос, дененин Куткаруучусу; “биз Анын денесинин мүчөлөрүбүз, Анын денесинен жана Анын сөөктөрүнөн болобуз” (Еф. 5:30). Ыйык Рух – сөз кемесинин, Чиркөөнүн Башчысы. Бир гана Чиркөөдө, Нойдун кемесиндегидей кутулууга болот”.

Сыйынуу менен көп азап тартып жаткан Украина Православ Чиркөөсүнүн клирине жана калкына буларды каалайбыз: «Жараткандын Руху, акылмандыктын жана акылдын руху, кеңештин жана бекемдиктин руху, такыбалыктын руху» (Ис.11, 2). Анткени Куткаруучу Христтин Өзү биздин ишибизди жактырат: “Дүйнөдө кайгы болот; бирок чыңалгыла: мен дүйнөнү жеңдим” (Ин.16,33). Орто Азиянын бардык православ адамдарынын дубалары жана бирге түйшөлүүсү ушул оор күндөрү Сиздер менен болсун.

 

СИНОДДУН ТӨРАГСЫ

Ташкент жана Өзбекстан Митрополити Викентий

Орто Азия митрополит округунун башчысы

 

Синоддун мүчөлөрү:

 

ПЯТИГОРСК ЖАНА ЧЕРКЕССК АРХИЕПИСКОБУ                                  + Феофилакт

Түркмөнстандагы Патриархтык приходдордун убактылуу башкаруучусу

 

ДҮЙШӨМБҮ ЖАНА ТАЖИКСТАН     ЕПИСКОБУ                     + Питирим
 

БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН     ЕПИСКОБУ                             + Даниил




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.