Епископ Даниил епархиянын насаатчысы – протоиерей Валентин Никоновду дин кызматкери хиротониясынын 60 жылдыгы менен куттуктады

  22 марта 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил с 60-летием священнической хиротонии духовника епархии –  протоиерея Валентина Никонова

2019-жылдын 22-мартында, Улуу Посттун 2-седмицасында, Севастиянын кырк азап тартуучуларын эскерүү күнү, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун дин кызматчылары Мурда ыйыктандырылган тартуулар литургиясын аткарышты. Кудайга сыйынуудан кийин Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил епархиянын эң улуу дин кызматкери жана духовниги Валентин Никоновду иерейлик хиротониясынын 60 жылдыгы менен куттуктады. Салтанаттын урматына дин кызматчыларына жана чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылган епископ Даниил Валентин Никоновго эстелик сыйлыкты -  Крымдын Архиепискобу Ыйык Луканын 1-даражадагы орденин тапшырды.

 «Бул ыйык күнү, 60 жыл мурда Саратов шаарында биздин духовнигибиз Валентин Никонов береке кереметин алган. Мен биздин дин кызматкерлерибизди дайыма чакырып келем – биздин Валентин атабыздан үлгү алгыла, ал улгайган курагына карабастан дайыма Престолдун жанында сыйынууга даяр турат. Ал баарынан эрте келет жана баарынан кеч кетет. Бул физикалык эмгек, ал аны аткарып жүрөт, анткени түшүнүп турат – бул анын жашоосунун маңызы экенин билет”. Башчы Даниил Валентин атанын дин кызматкерлик жашоосу кантип башталганын, анын жаштыгы, Саратов семинариясындагы окуусу, анын үйлөнүшү жана Орто Азиянын ар башка республикаларынын приходдорунда өтөгөн кызматы тууралуу айтып берди. Улуу Урматтуу епископ Валентин атаны Тажикстанда алигиче унутпай турушканын эстеди, анткени ал кафедралык соборду көрктөндүргөн жана ага кошумча имараттарды курдурган, бул иш мамлекеттик атеизмдин тушунда кооптуу болгон эле. “Валентин ата курдурган бул имаратта ыйык Николай Великорецкийдин образы бар. Бул менин кичи мекеним – Вяткада атагы чыккан ыйык Николайдын керемет образдарынын такталган бешөөнүн бирөө болот. Бул окуяны эстегенде  мен Кудай Өзүнүн мээрими жана Өзүнүн ыйыктары менен мындай эмгектерге жакын тура деген ойго келдим”.

Валентин ата Дүйшөмбү шаарындагы Ыйык-Никольск храмынын приделин курдурганда бийлик тарабынан олуттуу тоскоолдуктар болгон, атабызды мүмкүн болуучу камактан куткаруу үчүн Кыргызстанга которуп кетишкен. Башчы Даниил өзүнүн кайрылуусунда Валентин атанын Кыргызстандагы өтөгөн эмгектерине токтолду жана Балыкчы шаарындагы ыйык блаженная Ксения Петербургская атындагы храмды курдуруудагы анын эмгегин эске салды.

Дин кызматкерлерин Валентин атаны урматтоого чакыруу менен Улуу Урматтуу буларды айтты: “Мен дайыма барына айтып келем – биздин атабыз тирүү турганда аны менен баарлашкыла, андан үйрөнгүлө, Христ жолунда жашаган тирүү мисалды көргүлө. Ал биздин духовнигибиз. Биз баарыбыз, архиерейден тартып  ага тобо кылууга барып турабыз, ал эми биз үчүн тобо кылуу жан дүйнөнүн дарысы. Аны менен сүйлөшүп, анын дубасын сезип көп нерсени башкача түшүнүп жана башкача кабыл ала баштайсың, бул чыныгы православ христиан кишиге абдан керек нерсе. Чиркөө кызматындагы 60 жыл – мен үчүн жете албай турган иштей сезилет. Ушунча жылдык эмгегинде атабыздын кызматында кынтык болгон эмес. Атабыз улуу архиерейлер менен катар кызат өтөгөн. Бул эмнени айтып турат? Терең ишеним жөнүндө айтып турат. Ал болсо угуудан, Хиротония кабыл алууда биз берген милдетти, антты  сезүүдөн жаралат! Демек, туугандар, кымбаттуу дин кызматкерлери, апостол Павелге ылайык, аны сөздөрүн силерге айтып жатам, өзүңөрдүн насаатчыңарга кайрылгыла, акылмандык алуу үчүн кайрылыңыз”. Андан кийин протоиерей Валентин Никоновдун өзүнө кайрылды: “Валентин ата, биздин митрополиттик округдун башчысы Викентийдин атынан Орус Православ Чиркөөсүнө өтөгөн кызматыңыз, дин кызматкери катары кызматыңыздын 60 жылдыгынын урматына  Сизди Симфереполдун архиепсикобу Ыйык Лука 1-даражадагы ордени менен сыйлоого уруксат бериңиз. Аксиос!”.  Андан соң башчы Даниил Валентин атага шөкөттөлгөн крестти тапшырды. “Ал эми бул ак розалар биздин сүйүүбүздүн жана урмат-сыйыбыздын белгиси. Сиздин ыйык дубаларыңызды сурайбыз”.            

Андан кийин Ош благочин округунун башчысы Виктор Реймген Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын бардык дин кызматчыларынын атынан Валентин атаны куттуктады жана ыраазылык билдирди. “Биз Сиздей духовник бар болгонуна бактылуубуз, Сизди баалайбыз, барктайбыз. Сизге Кудай жолунда дагы көп жыл кызмат өтөөнү каалайбыз, Кудай Сизге кубат берсин, биз менен катар узак сыйынууну аткарып жүрө бериңиз. Бул биздин бактыбыз, Кудайдын бизге берген белеги, мээрими. Көп жашаңыз”.             

Валентин атаны Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин жубайлары дагы куттукташты. Матушкалардын атынан Валентин атага арналган куттуктоолору жана жакшы тилектери менен православ матушкалар кеңешинин төрайымы Ирина Реймген чыгып сүйлөдү.

Салтанатты бүтүрүп жатканда епископ Даниил эмне үчүн жакында Ташкент шаарында өткөн Ыйык Синоддун отурумунда Валентин атаны Крымдык ыйык Лука ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынганын түшүндүрүп берди. “Биздин Валентин атабыз Крымда ыйык Лука менен баарлашып жүргөн эле. Атабыз анда жаш болчу, матушкасы экөө бала күтүп жатышкан. Ошол убакта ыйык Лука менен сүйлөшүп калышат, ал эми Валентин атанын жубайы Луканын батасын алып, айыгып кеткен. Биздин дин кызматкерибиз ушундай баарлашууга татыктуу болгон, ал эми ыйыктар менен баарлашуу – өмүр бою басылган ыйык мөөр болот”.

Салтанаттын соңунда башчы Даниил катышкандардын баарына ыраазылык айтты жана дин кызматкерлерине жана чиркөөгө келгендерге архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.