Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери жана Чүй жана Ысык-Көл облустарынын имамдары “Биз бүткүл дүйнөдөгү тынчтык үчүн” мини-футбол боюнча жолдоштук мелдешти өткөрүштү

  21 марта 2019   На русском
Священники Бишкекской и Кыргызстанской епархии и имамы Чуйской и Иссык-Кульской областей провели товарищеский матч по мини-футболу «Мы за мир во всем мире» (+ВИДЕО)

21-мартта “Абдыш-Ата” футбол клубунун стадионунда Орус Православ чиркөөсүнүн жана Чүй жана Ысык-Көл облустарынын имамдарынын командаларынын ортосунда футболдук матч өттү.

Мини-футбол боюнча жолдоштук матчтын демилгечилери куралдуу күчтөр менен өз ара аракеттенүү боюнча епархия бөлүмүнүн жетекчиси иерей Евгений Циклаури жана «Азери» мечитинин имамы Мухаммад Дургалов болду. Иш-чаранын башкы идеясы Кыргызстандын жарандарын сергек жашоо образына, спортту сүйүүгө тартуу болду. Дин кызматкерлери жеке үлгүсү менен спорт биринчи кезекте эл аралык достуктун, тилектештиктин, ар кандай жашоо кырдаалдарында жардам берүү жана кол кабыш кылуу ниетинин маанилүү жакындатуучу звеносу экенин көрсөтүүнү чечишти.

Орус-Православ чиркөөсү тарабынан команданын катышуучулары төмөндөгүлөр болду: диакон Андрей Тонких (Бишкек ш.), Александр Аношкин (Бишкек ш.), протодиакон Сергей Черкашин (Бишкек ш.), диакон Евгений Проскуряков (Бишкек ш.), протоиерей Андрей Кунавин (Бишкек ш.) жана иерей Евгений Циклаури (Кант ш.). Имамдар тарабынан оюн талаасына Абдурахманов Пазылбек (Кант ш.), Дургалов Мухаммад (Кант ш.), Пайшеков Айтбой (Киргшелк а.), Ниязалиев Урмат (Ичке-Суу а.), Осмонкулов Онор (Ичке-Суу а.), Намираев Искандер (Ново-Покровка а.), Дыйкандаев Айдар (Үч-Эмчек а.), АшимовТемирбой (Интернациональное а.), Абдулин Ихтияр (Ново-Покровка а.) жана Боров Рамазан (Хун-Чи а.) чыкты.

Командалардын катышуучуларынын курагы 30дан 57 жашка чейин болду. 15 мүнөттөн турган төрт таймдан кийин эсеп ачылган жок, бирок бул катышуучуларды капа кылган жок, анткени бул күнү башкысы жеңиш эмес, катышуу, эки дин өкүлдөрүнүн биргелешкен ишке даярдыгын көрсөтүү болду.

Белгилей кетсек, бул иш-чараны өткөрүүгө Бириктирилген Россия аскердик базасынын жана Абдыш-Ата жетекчилигинин көмөктөшүүсү менен, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы жана Кыргызстандын Жогорку муфтий Максат ажы Токтомушевдин ыраазычылыгы алынган.

Матч аяктагандан кийин катышуучуларга “Кант” ЛДКБ россиялык авиабазасынан эстелик грамоталар тапшырылды.

Мелдешке катышкандар бири бирине жолдоштук матчка катышканы үчүн ыраазычылык билдиришти жана кийинки мындай жолугушуу Улуу жеңиш күнүнүн (75 жыл) урматына уюштурууну макулдашышты, мында катышуучулар Кант ш. авиабазанын аймагында орус шашкасы боюнча оюнда таймашышат.

«КАНТ» ОДКБ авиабазасынын пресс-кызматынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.