Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын жүргүздү

  31 марта 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 31-мартында, Улуу Посттун 3-жумасында, Крестке сыйынуу жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын жүргүздү.

 Улуу Урматтуу менен катар кызмат өтөгөнөр: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургия бүткөндүн кийин епископ Даниил пихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда Улуу Пост жүрүп жаткан убактагы Крестке сыйынуу жумасынын маанисин жана дин жолундагы кишилер сыйынсын деп Распятиени борборго алып чыгуунун маанисин түшүндүрүп берди.

“Крестке сыйынуу жумасы биз тирилтүүчү береке менен Христке жакын болушубуз үчүн белгиленген, ал тозокту, күнөөнү жана өлүмдү жеңген курал болот”. Өз сөзүндө Владыка Даниил крест белгисин ыйык тутуу зарылчылыгын баса белгиледи, бул керилген жана тирилген Христтин исповедин көрсөтүп турат. “Биздин жалпы жашообуз Кудайдын Крести менен өтөт жана өлгөндөн кийин дагы крест менен болот. Крест – бул азап эмес, бул кайгы эмес. Крест – бул улуу кубануу, себеби ушул Куткаруучунун Баш ийүү Жыгачы аркылуу биз кутулуу алдык”.

Кайрылуунун соңунда Улуу Урматтуу прихожандарга бекемдик жана Кудайдын жардам беришин каалады. “Эң башкысы, Кудайдын Чыныгы Жандандыруучу крести баарыңар менен бирге болсун. Аминь”.

Кудайдын Крести кийинки жуманын бешинчи күнүнө чейин храмдын борборунда турат. Крест алтардан чиркөөнүн борборуна чыгарылган күндөрү священниктер кызмат өтөөдөн кийин крессти өпкөнгө уруксат беришпейт. Тирилтүүчү Крестке таазим кылуу керек.  




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.