Бишкек жана Кыргызстан епарихиясы Владимир гимназиясын курууга каражат топтоону жарыялайт (ВИДЕО)

  11 апреля 2019   На русском

Бишкекская и Кыргызстанская епарихия объявляет сбор средств на строительство Владимирской гимназии (ВИДЕО)

Владимир гимназиясынын окуу корпусун курууга каражат топтоо жарыяланды, ал 500 орунга эсептелген, эки нөөмөттө 1000 бала окутулат.

Азыр – ыйык тең апостол князь Владимир мектебинде эки нөөмөттө 134 бала окуп жатат. Князь Владимир мектеби быйыл биринчи бүтүрүүчүлөрүн чыгарууга даярданып жатат, мектеп 11 жылдан бери иштеп келет. Бул мектепте билим алууга болгон суроо-талап сунуштан үч эсе ашык болууда. Балдарды кабыл алуудан баш тартуунун себеби – имараты кичинекей.

Ошондуктан 2016-жылы жаңы имарат куруу чечими кабыл алынган. Гимназия жалпы Кыргызстандын масштабында орус тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу методикалык борбору катары мерчемделген. Мектептин тажрыйбасы жана Россиянын эң мыкты педагогдору менен байланыштары бар.

2017-жылы Патриарх Кирилл бул мектеп жайгаша турган орунга батасын берген, ал борбор калаанын экологиялык таза районунда – тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте, алты тилкелүү магистралдын боюнча, Борбор Азиядагы эң чоң собор – ыйык тең апостол князь Владимир соборунун катарына жайгашмакчы.

Ыйык князь Владимир мектебинин жетекчилиги меценаттарга жана кайрымдуулук кылуучуларга Владимир гимназиясын курууну финансылоого катышуу өтүнүчү менен кайрылат.

Балалуу болуу, үй куруу жана бак тигүү – ар бир адамдын жашоосу үчүн зарыл болгон минимум.

Миңдеген балдар үчүн билим уясын куруу – бул жерди айдап жана семиртип даярдоого барабар – биздин келечегибиз болгон балдарды тарбиялоо, билим берүү, чоңойтуу жана адам кылып өстүрүү.

----------------------------------------------------------------------

Наш р/с: ОАО «Коммерческий банк Кыргызстан»

БИК: 103001

Р/С: 1030120000130273

Контакты для связи: +996 707 66 64 19, +996 555 901 142

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.