Кыргызстандын түштүгүндө 28-майда “Славян диаспорасы” уюмунун аймагында Кыргызстандагы Россия Федерациясынын Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Николаевич Удовиченко менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы жалпы мүнөздөгү көйгөйлөр, атап айтканда, мектептерди окуу куралдары менен жабдуу маселеси талкууланды . Шаардыктарды угуп чыккан РФ Элчиси орус тил класстарын уюштуруу жана методикалык көмөкчү куралдар жана окуу куралдары менен жабдуу ишине көмөктөшүүгө, ошондой эле өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөргө финансылык жардам берүүгө убада берди. Жолугушууга Кыргызстандагы РФ ИИМ өкүлү, элчиликтин кеңешчиси Лузганов Владимир Николаевич, Жалал-Абаддагы храмдын башчысы Иерей Сергий Арбузов, Майлуу-Суу шаарындагы храмдын башчысы иерей Сергий Чудайкин, «Славян диаспорасы» ассоциациясынын президенти Малюженко Виктор Викторович катышты. Маектешүүнүн жүрүшүндө элчиликтин кеңешчиси эгер керек болсо храмга укуктук колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Жолугушуу жалпы өз ара түшүнүшүү жана байланыш даректерин алмашуу менен аяктады.