Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Бишкетеги Ислам университетинин студент кыздарына экскурсия өткөрүлдү

  29 мая 2019   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе провели экскурсию для студенток Исламского университета Бишкека

28-майда диакон Виктор Штыркин ислам университетинин студент кыздары менен жолугушуу-маектешүү өткөрдү.

Православ храмы менен тааныштыруу деп аталган экскурсияны “Экскурсоводдор жана гид-котормочулар союзунун” төрайымы Чалова Елизавета тарабынан демилгеленген. Ага Ислам университетинин дин таануу курсу боюнча  иш жазып жаткан жана “Союздагы” экскурсоводдор курсуна барып жүргөн студент кыздар кайрылышкан. Кыздар православ маданияты менен таанышуу ниетин билдиришкен.  Епархиянын башкармалыгы тарабынан жолугушууну Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ключарынын батасы менен архимандрит Петр (Путиёва) уюштурду. Священниктин сөзү боюнча, учурда диний зыярат жайларына келген туристтерди коштоп жүргөн экскурсоводдордун өзү айтып бере турган предмет жөнүндө обьективдүү билимдери жок болууда. Отец Пётр “экскурсовод өзүнүн дүйнө таануу көз караштарынан көз карандысыз обьективдүү билимдерге ээ болушу керек. Туристтерди храмга коштоп келгенде биринчи кезекте белгилүү кишилер үчүн храм ыйык жай экендигин түшүнүүсү керек. Бул жөн гана тарыхий жай эмес. Бул православ христиандар сыйына турган орун. Ошондуктан эгер экскурсовод кишилерге храм тууралуу, иконалар жөнүндө, сыйынуу жөнүндө айтып бере турган болсо, анда ал тарыхты өзүнүн көз карашы боюнча баяндабастан, классикалык ыкманы колдонушу зарыл. Экскурсовод эмнени айтып берип жатканын жакшы түшүнүп, жакшы билиши керек”.

Биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында, студенттердин көз карашы боюнча, тааныштыруучу жолугушуу өткөрүлдү. Кафедралык собордун диакону Виктор Штыркин “суроо-жооп” режиминде маектешүү жана экскурсия өткөрдү. “Кыздар сыйынуулар кандай өтөөрүн сурап жатышты, сыйынуулардын жүрүшүнө кызыгышты. Алар биздин ар бир жолку сыйынуубузда Кыргызстан үчүн, Президент үчүн, бийликтер жана аскерлер үчүн дуба окулаарын укканда абдан таң калышты”, - деп белгиледи отец Виктор.

Кыздарга диний сыйынуу үчүн китептер көрсөтүлдү, Чиркөөлүк-Славян тили колдонуулаары түшүндүрүлдү. Сыйынууну музыкалык коштоо жөнүндө жана көптөгөн башка ырым-жырымдар тууралуу баяндап беришти. Дин кызматкеринин пикири боюнча, болочоктогу гиддер православ икноналарына жана ыйыктардын кубаттарына табынуу темасына өзгөчө кызыгышты. Православдар үчүн икона чыныгы кудайдын элесин чагылдырып тугандыктан жана христиандар образга чын жүрөгүнөн ишенип, андан Христтин, Кудай Энесинин же Кудай жакшы көргөн ыйыктардын элесин көргөндүктөн, иконага жана храмдын ыйыктарына башка динди тутунган киши урматтоо менен мамиле жасашы керек. Тааныштыруунун жүрүшүндө православдар үчүн ыйык болгон жайларга, түшүнүктөргө жана буюмдарга урматтоо менен мамиле жасоо темасында маектешүү болду.

Коштошуп жатып Ислам университетинин студент кыздары экскурсия үчүн чын дилден чыккан ыраазылык билдиришти. Курстун угуучулары жолугушуунун таанып-билүүчүлүк жана этикалык жактан практикалык пайдалуу болгонун белгилешти, анткени келечекте алар Сауд Арабстандан жана Эмирликтерден келген туристтер үчүн ушуга окшош экскурсияларды уштурушмакчы. Жалпы макулдашуу боюнча келечекте мындай жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.