Маарекең кут болсун, сүйүктүү мектебим! Ыйык князь Владимир мектебинде акыркы коңгуроо жаңырды

  30 мая 2019   На русском
С юбилеем любимая школа! В школе святого князя Владимира прозвучал последний звонок

2019-жылдын 29-майында Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында ыйык князь Владимир атындагы мектептин 10 жылдыгына жана акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара жана майрамдык концерт болду. Театрдын фойесинде келүүчүлөр үчүн окуучулардын эмгектери коюлган чыгармачылык аянттары орнотулду. «Рукодельное чудо» ийриминин ар башка курактагы катышуучулары ата-энелерди жана меймандарды уникалдуу буюмдары – айнекке тартылган сүрөттөрү, саймалары, жумшак оюнчуктары, кагаздан жасалган белектер менен кубантышты. Ошондой эле ар башка темаларга тартылган балдардын сүрөттөрү бар альбомдор, мектептин турмушуна арналган сүрөттөр, фото көргөзмө коюлду; атайын бөлүнгөн зонага коюлган “Маарекең кут болсун, сүйүктүү мектебим” жазуусу бар баннердин фонунда  окуучулар ата-энелери менен бирге эстелик сүрөткө түшүп жатышты.

Салтанаттын алдында Кыргыз Республикасынын гимни ойноду жана мектептин директору мектептин уюмдаштыруучусун – Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епискобу Даниилди сахнага чакырды. Мектепти мааракеси менен куттуктаган епископ 10 жыл “абдан жаш курак” экендигин белгиледи жана “бул асыл жана мыкты мектеп 150 же 200 жылдыгын белгилей турган” убакыттын келишин каалады. Башчы катышып жаткандарга ыйык князь Владимир мектеби өзүнүн билим берүү функциясынан тышкары Кыргызстандын жарандарынын Евразия коомдоштугуна интеграцияланышы үчүн зарыл  шарт болгон орус тилин колдоо милдетин алып жүргөндүгүн белгилеп кетти. “Бүгүн, кымбаттуу балдар, силер 10 жылдык мааракени жана алгачкы бүтүрүүнү майрамдап жатасыңар. Биринчи бүтүрүү, мектептин калыптанышынын биринчи этабы – артта калды! Бул келечекке өтүү болду. Эми мектеп 15,20,25 жылдыгын белгилей берет, бирок ал майрамдар эрезеге жеткен куракты майрамдоо болот”.

Башчы Владимир гимназиясын куруу боюнча долбоор жакында ишке ашат деген үмүтүн билдирди, ошондой эле “билим берүү менен катар окуучулардын маданий жана руханий өсүшүнө кам көрүп жаткан” мектептин педагогикалык курамын белгилеп кетти. Сөзүн аяктап жатып епископ Даниил балдарга, мугалимдерге жана мектептин директоруна гүлдөп-өнүгүүнү жана көбөйүүнү каалады, “Орустун цивилизациясын түптөгөн улуу княздын урматына аталган мектеп татыктуу, руху бийик, күчтүү жана акылдуу кишилерди чыгарышы керек” экендигин баса белгиледи.

Андан кийин учурашуу сөзү менен мектептин директору Аристова Светлана Ивановна чыгып сүйлөдү. Сүйүктүү мектебин кубанычтуу маарекеси менен куттуктап, “ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары биринчи кезекте жакшы киши, өлкөнүн татыктуу жарандары, Улуу Жеңишти эсине сактап жүргөн мекенчил, мугалимдери, мектеби, шаары жана өлкөсү үчүн сыймыктана билген кишилерден болушу абдан маанилүү” экендигин баса белгиледи.

Өзүнүн кайрылуусунан кийин Светлана Ивановна сахнага мугалимдердин баарын чакырды, алардын ар биринин өтөгөн кызматтарын жана жеке сапаттарын айтып турду; мектептин духовниги Андрей Кунавинди, окуу бөлүмүнүн башчыларын жана жардамчыларын чакырды. Мугалимдерден тышкары сахнага мектептин бардык кызматкерлери: ашпозчулар, техникалык персонал чакырылды. Чыгып жаткан ар бир мугалимге же кызматкерге мектеп окуучулары гүл букеттерин тартуулап жатышты. Ыраазычылык сөздөрү ата-энелердин жана жакын туугандардын даректерине айтылып турду.

Андан кийин учурашуу сөздөрү менен чакырылган меймандар чыгып сүйлөштү. Роскызматташтыктын өкүлү Нефёдов Виктор Леонидович мектептин кызматкерлерине ардак грамоталарды жана белектерди тапшырды, алар: Ломаева И. А., Хайдарова Е. И., Попова Е. П., Морозова О. В., Шмырина А. Г., Аристова С. И. Мектепке белек катары “Россиянын улуу куполдору” жогорку көркөм фото пейзаждардын коллекциясы берилди.

Куттуктоо жана насаат сөздөрү менен мектептин социалдык өнөктөштөрү чыгып сүйлөштү: Кыргызстандагы Ленинград блокадачылар коомунун жетекчиси А. А. Кутанова; шаардык согуштун жана оруктун ардагерлер кеңешинин төрагасы Т. И.  Данько; Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын директору Е.Ю.Кузнецов; Бишкек финансы-экономикалык техникумунун директору А.А.Кулунтаев; Беловодск балдар үйүнүн директору А. Г. Горохова.  Куттуктоолордун кезегин мектептин алгачкы директору С.В.Епифанцевдин куттуктоосу аяктады. 

Салтанаттын расмий бөлүгү бүткөндөн кийин майрамдык концерт башталды, ага 1-класстан 11-класска чейинки мектептин окуучуларынын баары катышты. Концерттин “менюсун” – ырлар, бийлер, жакшы тилектер, кубанычтуу эмоциалар түздү. Сахнанын жасалгалоого деңиз темасы тандалган. Уюштуруучулардын пикири боюнча, мектеп – өмүр бою жүрө турган  сапарга чыгып бара жаткан кеме сыяктуу. Бул кеменин башкы милдети маанилүү жабдуулар – билимдер, көндүмдөр жана тажрыйба менен куралданып алып узак жолго чыгуу.

Мугалимдердин ар бири өзү окуткан предметке тийиштүү болгон символикалуу белектерди окуучуларга беришти. Бул пайдалуу символикалуу белектердин баары кызгылтым түстүү чыныгы парусу жана мачтасы бар жыгач парусникке салынды. Окуучулардын ата-энелери дагы четте туруп калышкан жок, алар мектепке проектор белек кылышты.

Салтанаттын акыркы учурлары мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө арналды, алардын ар бири музыканын коштоосуда жана Светлана Ивановнанын жылуу сөздөрүнүн коштоосунда  сахнага чыгып жатышты: “мына – биздин бүтүрүүчүлөр. Алар бири-бирине окшобойт: чыгармачыл, акылдуу, спортчу жана көңүлдүү, санаачыл жана ачык-айрым. Мектептин акыркы коңгуроосун кагуу менен узакка созулган жана силер үчүн абдан маанилүү болгон эпоха аяктап жатат. Кимдир-бирөөңөр кайгырып, кимдир-бирөөңөр кубанып турасыңар. Бирок ар бир мугалим үчүн, ата-эне үчүн жана бүтүрүүчү үчүн ушул учур абдан маанилүү. Биздин мектептин эшиги силер үчүн дайыма ачык экендигин унутпагыла!”.

Салтанаттуу иш-чара ата-энелердин балдарга арналган жакшы тилектери жана мектептин мугалимдердин дарегине, креативдүү жана мыкты кесипкөй директордун дарегине айтылган чын дилден чыккан ыраазылыктары менен аяктады.

 

Ыйык князь Владимир мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү:

Аскаров Эмиршах;

Борисенко Ирина;

Гладышева Таяна;

Майлиев Руслан;

Мукамбаев Дэвид;

Несынов Матвей;

Чуйкова Софья;

Подхалюзин Никита.

Жолуңар шыдыр болсун, бүтүрүүчүлөр!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.