Епископ Даниил «Шермиции» казактар оюндарынын катышуучуларына батасын берди

  03 июня 2019   На русском
Епископ Даниил благословил участников казачьих игр «Шермиции»

2019-жылдын 2-июнунда епископ Даниил «Шермиции» казактар оюндарынын ачылышына Ленин айылына келди. Мелдештин катышуучулары казактар коомунун штабынын алдында, Ыйык Кудай Эненин Туулган күнү храмынын жанына тизилишти. Андан кийин Улуу урматтуу башчы жолдомо сөзүн айтып, бардык катышуучуларга батасын берди.

«Шермиции» – бул бир нече дисциплинадан турган салттуу спорттук мелдештер: шашка менен уруу, чакырымга чуркоо, салттуу казак мелдештери – күрөш, мылтыктан ок атуу, бычак ыргытуу, гира көтөрүү мелдеши. Кыргызстанда «Шермиции» үчүнчү ирет өтүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Роскызматташтыктын КРдагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосунда Семиречье казактарынын союзу болду. Оюнга Кыргызстандын бардык казактар уюмдарынын өкүлдөрү жана Казакстандан келген коноктор катышты. Бардыгы 300дөй адам катышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.