Ыйык азап тартуучу Александр Юзефовичтин эстелик тактасы освящение болду

  07 июня 2019   На русском
Освящена памятная доска священномученику Александру Юзефовичу

2019-жылдын 6-июнунда, Вознесения Господня майрамында, Түп айылындагы Кудай Энесинин Казань иконасы храмында майрамдык литургия бүткөндөн кийин  ыйык азап тартуучу Александр Юзефовичтин иконасы жана кыскача өмүр таржымалы бар эстелик такта суу менен ысырыктап освящение өткөрүлдү.

Александр ата Орто Азияда 42 жыл кызмат өтөгөн мыкты пастырь болгон. Бул жылдардын көп бөлүгү  Преображенское (азыркы Түп) айылында өткөн.

Ыйык азап тартуучу Александр Юзефовитин өмүр-таржымалы

Эскерүү күнү – 17 январь (4-январь ст. ст.) жана 26-декабрь (13-декабрь ст. ст.)

Александр Иванович Юзефович 1860-жылы Виленск губерниясында туулган.

Александр Юзефовичтин Орто Азиядагы 42 жылдык кынтыксыз кызматы  Түркстан епискобу Александрдын (Кульчицкий) батасы менен башталган.

1879-жылы Александр Юзефович Семиреченск облусунун Сергиополь уездинин Лепницск станицасындагы Никольск храмында псаломщик болуп дайындалган. 1881-жылы – Семиреченск облусундагы Зайцево чиркөөсүнө которулган. Бул убакта ал иподиакон кызматын аткарып турган жана Верный шаарындагы (азыркы – Алма-Ата шаары, Казакстан) Архиерей үйүнүн Крест чиркөөсүнүн карамагында болгон.

1882-жылдын 11-июнунда Александр Юзефович диакон санына көтөрүлгөн жана ушул жылдын 18-июлунда – Семиреченск облусунун Пржевальск уездинин Преображенское айылындагы (Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп айылы) Кудай Эненин Казань иконасы чиркөөсүнө иерей кызматына дайындалган.

Анын эмгектери төмөнкү сыйлыктар менен белгиленген: 1885-жылдын 11-ноябры – жер титирөөдөн жабыркаган Ысык-Көлдөгү Ыйык-Троицск монастырына көрсөткөн жардамы үчүн кур менен сыйланган; 1899-жылдын 10-декабры – Преображенское айылында жаңы храмдын курулушуна кошкон зор салымы үчүн фиолет скуфье менен сыйланган; 1909–жылдын 6-майы – камиловка менен сыйланган; 1911-жылдын 19-декабрында – пастырдык милдеттерин чын дилинен аткарганы үчүн Ыйык Синоддун шакек крести менен сыйланган.

Октябрь революциясынан кийин Александр Юзефович башка приходго которулган. 1917-жылдан тартып Кара Балта шаарындагы Кудай Эненин Казань иконасы храмында кызмат өтөгөн. Ошол убакта дин кызматкерлери “контрреволюциячыл элемент” катары куугунтукка алына баштаган.

 

Биринчи кезекте священниктер, дьякондор, псаломщиктер камалып жаткан. Так ушул касабага протоиерей Алксандр дагы кабылган. 1921-жылдын 17-январында Александр Юзефович атылган.

1980-жылдын соңунда “поп дөбөгө” (батюшка жана башка азап тартуучулар атылган орун) жаңы храм – ушул жерде атылып кеткен жаңы азап тартуучуларга эстелик курулган. Азыр – бул Кара-Балта подворьесиндеги Ыйык-Казань эркектер монастырынын башкы храмы.

1999-жылдын 10-февралында пресвитер Александр Юзефович Алма-Ата епархиясы тарабынан жергиликтүү мааниде канондоштурулган; 2000-жылдын августунда Орус Православ Чиркөөсүнүн Архиерейлик соборунда – Россиянын жаңы ыйык азап тартуучуларынын катарына жалпы чиркөөлүк мааниде канондоштурулган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.