2019-жылдын 24-июнунда ыйык тең апостол улуу князь Владимир мектебинин бүтүрүү кечеси болду. Майрам Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Диний-агартуу борборунун жыйындар-залында өттү.
Владимир мектеби жакында өзүнүн алгачкы мааракесин белгилеген. Ушул бүтүрүү – алгачкысы. Балдарды, ата-энелерди, мугалимдерди жана директорду куттуктоо үчүн мектептин уюмдаштыруучусу – Бишкек жана Кыргызстан епсикобу Даниил келди.
Салтанаттуу иш-чараны мектептин директору Светлана Ивановна Аристова ачып берди. Андан кийин бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзү жана кайрылуусу менен башчы Даниил кайрылды. Его Преосвященство балдарга орто билим тууралуу аттестаттарды жана ЖРТ бобюнча сетификаттарды тапшырды. Ар бир бүтүрүүчүгө Библия белекке берилди.
Чакырылгандардын баары майрамдык иш-чараларга активдүү катышты. Окуучулар мугалимдери менен бирге кызыктуу майрамдык программа даярдашкан. Бийлешти, ырдашты, конкурстарды өткөрүштү жана фант ойнотушуп, булак ойношту. Акыркы оюнга епископ дагы катышты.
Алгачкы бүтүрүү майрамы кооз, кызык, жылуу жана үй-бүлөлүк болду. Баары бир дем менен өтүп жатты – динамикалуу, уюшкандыкта, кооз болду. Азыркы бүтүрүүчүлөр болочок биринчи класстын окуучуларына өзгөчө кайрылуу калтырышты. Биринчиден, биринчи бүтүрүүчүлөрдүн жалпы кайрылуусу жеке каалоолору менен бирге бөтөлкөгө бекитилди, болочок биринчи класстын окуучулары аны 11 жылдан кийин өздөрү бүтүрүүчү болгондо окушат. Экинчиден, ушул балдар 1-сентябрда биринчи класстын ар бир окуучусуна жеке өзүнүн насаатын айтышат.
Бул кубанычтуу жана бир аз кайгылуу майрам баарына жакты – уюштуруучуларга, ата-энелерге, эң башкысы салтанат ээлерине жакты.
Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын администрациясы бүтүрүүчүлөргө руханий куткарууну, руханий сергектикти, бардык иштерине Кудайдын куттуу жардамын, ийгиликтерди жана байгерчилик каалайт. Ак жолуңар ачылсын!