12-июль – ыйык, даңктуу, даңазалуу жана биринчи жогорку апостолдор Петр менен Павелди эскерүү күнү. Епископ Даниил кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  12 июля 2019   На русском
12 июля – день памяти святых, славных, всехвальных и первоверховных апостолов Петра и Павла. Епископ Даниил совершил Божественную литургию

2019-жылдын 12-июлунда, Пятидесятница боюнча 4-седмицада, ыйык, даңктуу жана алгачкы жогорку апостолдор Петр менен Павелди эскерүү күнү Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: митрофор протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, протодиакон Сергий Черкашин.

Литургиядан кийин владыка Даниил прихожандарды улуу майрам менен куттуктады жана аларга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Өзүнүн кайрылуусунда апостолдордун турмушу жөнүндө айтып берди, Улуу Урматтуу эки апостолдун тагдыры эки башка болгонун, теги дагы, диндеги жолу дагы ар башка болгонун баса белгиледи. Алсак, мисалы, “Павел апостол өз заманында абдан билимдүү инсан болгон, бирок Христоско жолукканга чейин христиандарды куугунтуктап келген, ал эми Петр апостол балыкчы болгон, жана алгачкылардан болуп куткаруучунун жолуна түшкөн.  Бирок экөө тең Христке ишенип жана чыныгы апостолдор болуп калышкан. Өмүрүнүн акырына чейин Судайдын Сөзүн иудейлерге гана эмес язычниктерге дагы таратып турушкан”. Петр апостол көүз өткөнгө чейин бир жолу Кудайдан баш тартканына өкүнүп жүргөн, ал эми Павел апостол өзүнүн өткөн чагын – христиандарды куугунтуктаганын эстегенде өзүн желмогуз деп атап келген. Экөөнөн тең өмүрү азап менен бүткөн. Павел апостолду римдин жараны катары башын алышкан, ал эми Петр апостол аңтарылган крестке керилген.

Влалыка Даниил алгачкы апостолдор Петр менен Павелди эстегенде “биз Кудайга кызмат өтөгөн жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрүнө  куткаруу жана Түбөлүк жашоо жөнүндө керемет кабарды тараткан апостолдордун эмгектерин кичирейтпейбиз” деп баса белгиледи.

12-июлда Петр посту бүттү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.