Адмирал Федор Ушаковдун кубаттары Кыргызстандагы РФ аскер-деңиз базасына келди (+ВИДЕО)

  12 июля 2019   На русском
Мощи адмирала Федора Ушакова прибыли на военно-морскую базу РФ в Кыргызстане (+ВИДЕО)

2019-жылдын 10-июлунда Кыргызстандагы Россия Федерациясынын аскер-деңиз базасында ыйык такыба адмирал Федор Ушаковдун кубаттарын алып келүү салтанаты өттү.

Ыйык ковчегди алып келген Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилди жээктен базанын командири, 2-рангдагы капитан Антон Владимирович Темнохудов жогорку офицердик курам менен бирге тосуп алды.

Желектер салтанаттуу көтөрүлүп жана Россия Федерациясынын гимни аткарылгандан кийин башчы Даниил ыйык кубаттары бар ковчегдин жана иконанын алдында Пржевальск кысыгында молебен өткөрдү. Молебенден кийин моряктар жана аскер бөлүгүнүн жарандык кызматчылары святыняга табынышты ал эми өздүк курамга белек катары препадобный Ираклий Ысык-Көлдүк иконалары берилди. Базага чакырлыган Орус казактардын өкүлчүлүгү дагы моряктарга Николай Чудотворец иконасын тартууга алып келишти.

Андан кийин меймандардын делегациясы - епископ Даниил, священникер, чиркөө кызматчылары, Бишкек епархиясынын кызматчылары,  священниктердин балдары деңизге сейилдөө үчүн кемеге чакырылды, анын жүрүшүндө мыкты экскурсия өткөрүлдү. 

Бул убакта преподобный Федор Ушаковдун кубаттары жана анын иконкасы кают-компанияда турду. Андан кийин, деңиз саякаты бүткөндө святыняны базанын аймагындагы сыйынуу үйүнө алып келишти, ал жерге туруктуу негизде коюлат. Базанын өздүк курамы менен коштошуп жатып епископ Даниил моряктарга ачык асман, руханий  куткаруу, ошондой эле өздөрүнүн асмандагы куткаруучусу  - бир жолу дагы жеңилбеген адмиралдын алдында чын дилден сыйынууну каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.