2019-жылдын 4-августунда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар-залында жаштардын бирикмелеринин жетекчилеринин жумушчу жолугушуусу болду. Жолугушууда эл аралык кызматташуу, бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүү жана биргелешкен акцияларды жана флеш-мобдорду өткөрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга катышкан “Планетада бирге” долбоорунун (Россия, Москва) жетекчиси биздин митрополиянын православ жаштары үчүн Подмосковьенин ыйык жерлерине зыярат сапарын уюштурууну сунуштады.