Владимир мектебинде, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду

  02 сентября 2019   На русском
Во Владимирской школе, на территории Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялось торжественное мероприятие, посвящённое Дню знаний

2019-жылдын экинчи сентябрында собордук аянтта Билим күнүнө арналган салтанат болду. Жакшы иштин башталып жатканына арналган молебенди Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жүргүздү. Андан кийин башчы мектеп окуучуларына насаат сөзү менен кайрылды:

“Кечээ эле баары жөнөкөй болчу, бүгүн болсо баары адеми кийинишип жана кубанычтуу жүрүшөт – бул күнгө баарыңыздар даярданып келгениңиздер көрүнүп турат. Бул күн ар бир бала үчүн жана ар бир ата-эне үчүн өзгөчө салтанаттуу. Балдарыбыз мектепке барышат, билим алышат, ал эми билим – бул күч-кубат! Кудай Евангелиеде айткан – “Асмандагы Атаңар өркүндөгөндөй силер дагы өркүндөгүлө”. Билимиңерди, тажрыйбаңарды жана баарлашууну чексиз өркүндөтө бергиле. Адамдын илими токтобостон алдыга кете берет. Жаратылыштын сыры ачыла элек көрүнүштөрү али көп. Билим алып, алдыга умтулгула. Бирок башкы нерсени айтып койгум келет – силер бүгүн кийип турган сулуулук – силердин жан дүйнөңөрдүн жана жүрөгүңөрдүн сулуулугу болушу керек. Кудай бүгүнкү күндү жакшы күн кылсын, жалпы окуу жылына жакшы маанай берсин. Бул жыл жоготуусуз, бирок кирешелүү болсун – билимге жана бекем достукка бай болсун. Силерге ак тилектүү болууну тилегим келет. Боорукер жүрөк – бул ата-энеге, классташтарга, мугалимдерге жана насаатчыларга жакшы мамиле жасоо. Ошондо биздин баарыбызга ушул жакшылыктан жарык, кубаныч жана үмүт түшөт.

Ошондой эле Светлана Ивановнанын жеке өзүн, бардык окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм, сиздердин татаал ишиңиздерге Кудайдын жардамын жана ийгилик беришин каалайм. Ата-энелерге каалаарым – мугалимдерге көмөкчү болуңуздар, себеби ата-энелер мугалимдерге жардам бергенде бул кызматташуу жакшы натыйжага алып келет. Баарыңыздардан суранаарым, бири-бириңерди уккула, бири-бириңерди колдогула. Балдардын окуусуна ийгилик каалайм. Бул жыл илим алууга, ак ниеттерди көбөйтүүгө арналсын. Кудай силерге жардам берсин!

Молебенден кийин болгон майрамдык линейкага ардактуу меймандар – Кыргыз Республикасындагы Роскызматташтыктын Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нефёдов Виктор Лонидович жана Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевна катышты.

Чогулгандарга учурашуу сөзү менен билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин чыгып сүйлөдү.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин мектептин директору Аристова Светлана Ивановна ар бир мугалимди жеке тааныштыруу менен мектептин окутуучулар курамын ардактуу тегерекке өтүүгө чакырып жатты.

Билим күнүнө арналган иш-чара ар бир мектеп үчүн – өмүр боюу унутулбай турган кубанычтуу жана жоопкерчиликтүү окуя. Куттуктоолор жана насаат сөздөр айтылган расмий бөлүктөн кийинки майрамдык программа энергиялуу бийлерге, ырларга жана ар бир ата-энеге жакшы белгилүү болгон балдардын мектеп тууралуу ырларына бай болду.

Билим күнү – бул биринчи коңгуроо жана толкундануу, гүлдөр жана ак бантик жана албетте, бул толук кандуу инсанды калыптандыруу ишиндеги эң маанилүү күн!

Биз ушул мыкты майрам менен баарыңыздарды – окуучуларды жана алардын ата-энелерин, мектептин директорун, мугалимдерин жана руханий начаатчыларын куттуктайбыз! Биздин балдарыбыздын жашоосунда жашоонун кыйынчылыктарын жеңип өтүүгө жардам берген билимге, акылмандыкка дайыма орун бар боло берсин. Кудай силерге жардам берсин!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.