Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна РФ Куралдуу күчтөрүнүн негизги иконасы - «Спас Нерукотворный» келди

  07 сентября 2019   На русском
В Свято-Воскресенский кафедральный собор прибыла главная икона ВС РФ «Спас Нерукотворный»

2019-жылдын 7-сентябрында «Спас Нерукотворный» - орус аскерлеринин ыйык колдоочуларынын кубаттары бар образ Бишкектеги ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна келди. Иконаны РФ КК Борбордук аскер округунун диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Агафонов И.В., протоиерей Андрей Канев, протоиерей Владимир Кисяков алып келишти.

Литургиядан кийин епархиянын куралдуу күчтөр менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси иерей Евгений Циклаури иконанын алдында ыйык суу молебенин жүргүздү.

Образ сыйынуу үчүн 9-сентябрда жеткиликтүү болот. Андан кийин Россиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы «Спас Нерукотворный» иконасы Кантка, Караколго жана Чалдыварга жеткирилет.

Маалымкат: «Спас Нерукотворный» Россиянын аскер бөлүктөрүнө жана базаларына саякаттап жүрөт. Святыня баатыр-шаар Севастополдон жолго чыккан,  ал эми сапары Москвадагы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмында, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аяктайт. Россия асркерлеринин башкы храмы ыктыярдуу садагалардын эсебинен “Патриот” аскердик-патриоттук паркында салынып жатат жана 2020-жылы ачылат.   

«Спас Нерукотворный» иконасы Иисус Христтин ыйык жүзүнүн канондук сүрөтү, уламыш боюнча материянын  тилимине кереметтүү түрдө тартылып калган жана Куткаруучу өзүнүн колу менен Авгарь V падышанын кызматчысына тапшырган. Иконадагы Христтин жүзүн Россиянын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы белгилүү окуяларды сүрөттөгөн Казандагы, Владимирдеги, Смоленсктеги жана Тихвиндеги Кудай Эненин көркөм рельефтерге жайгаштырылган образдары курчап турат.

Иконаны дайыма коштоп жүргөн ковчегде төмөнкү 8 ыйык колдоочулардын ыйык бөлүкчөлөрү бар: улуу азап тартуучу Георгий Победоносецтин, апостол Андрей Первозванныйдын, святитель Николай Чудотворецтин,  преподобный Сергий Радонежскийдин, улуу азап тартуучу Варваранын, апостол Петрдун, улуу азап тартуучу Пантелеймон Целителтин Кара Деңиз флотунун командачысы жана флоттогу эң барктуу ыйыктардын бири болгон Феодор Ушаковдун кубаттары бар.

Куткаруучунун образы коло складенга жайгаштырылган жана салмагы 100 кг жакын. Складени жок иконанын өзүнүн өлчөмү 98x84x10 см.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости