2019-жылдын 9-сентябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагындагы архиерей үйүндө епископ Даниилдин төрагалыгы алдында Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епархиялык кеңеши болду.
Отурумдун ишине Башкаруучу архиерей тарабынан дайындалган Епархиялык кеңештин мүчөлөрү катышты: протоиерей Андрей Кунавин, бидим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси; протоиерей Виктор Реймген, Ош благочиндигинин башчысы; протоиерей Сергий Чувичкин, Ысык-Көл благочиндигинин башчысы; протоиерей Димитрий Шушпанов, Талас благочиндигинин башчысы; протоирей Алексий Махров, Беловодск благочиндигинин башчысы; протоиерей Александр Атаманов, Чүй-Токмок благочиндигинин башчысы. Ошондой эле Епархиялык жыйын тарабынан шайланган Епархиялык кеңештин мүчөлөрү: иеромонах Ираклий (Коростелев), епархиянын монастырлары боюнча благочин; протоиерей Алексий Сыромятников; протоиерей Андрей Борисенко, Манас айылындагы праведный Иоанн Кронштадтский атындагы храмдын башчысы; иеромонах Серафим (Шаталин); протоиерей Александр Мезенцев, Сосновка айылындагы улуу азап тартуучу Димитрий Солунский атындагы храмдын башчысы; архимандрит Петр (Путиев); иерей Александр Пелин.
Отурумдун катышуучулары кыргызстандык ыйыктардын күннү бекитүү жөнүндө, балдардын-өспүрүмдөрдүн фестивалын, Богоявление майрамын өткөрүү тууралуу жана белгиленген күн тартибине ылайык башка көптөгөн маселелерди талкуулашты.