Орус Православ Чиркөөсүнүн башчысы Москванын жана жалпы Орустун Ыйык Патриархы Кириллдин жана Чет Өлкөдөгү Орус Чиркөөсүнүн Первоиерархы Чыгыш-Америка жана Нью-Йорк митрополити Илариондун батасы менен Орто Азия митрополия округунун аймагына “Знемение” Кудай Эненин Курск иконасы алынып келди.
2019-жылдын 9-сентябрында саат 18:30да Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна жеткирилди. Бишкекке келгенге чейин байыркы Кудай Эненин иконасы Ташкент жана Өзбектан епархиясында болду.
Кыргызстанга ыйыкты Манхеттен епискобу, Чыгыш-Америка епархиясынын викарийи Николай башында турган чет мамлекеттеги Орус Православ Чиркөөсүнүн (АКШ, Нью-Йорк) делегациясы алып келди. Епископ Даниил Кудай Эненин образын аэропорттон тосуп алды.
Собордук аянттан образды салтанаттуу тосуп алып жана Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна жеткирилгенден кийин Кудай Энеге акафист окулду жана ыраазылык молебени жасалды, аларды Ташкен жана Өзбекстан митрополити Викентий, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Манхеттен епискобу, Чыгыш-Америка епархиясынын викарийи Николай жүргүзүштү.
Тосуп алууга жана сыйынууга Бишкек епархиясынын бардык дин кызматчылары жана көптөгөн шаар тургундары катышты. Епископтун батасы менен иконаны тосуп алууга келген кишилердин баарына керемет жасаган образдын кыскача таржымалы баяндалган проспекттер тапшырылды.
Кудайга сыйынуу бүткөндөн кийин архиерейлер кезеги менен миңге жакын прихожандарга архипастырлык кайрылуусун айтышты.
Маалымкат: «Знамение» Кудай Эненин Курск иконасы – Орус Православ Чиркөөсүнүн эң байыркы иконаларынын бири, XIII кылымда, Орус мамлекети татарлардын кол салышынан жабыркап турган убакта алынган. Уламыш боюнча икона 1295-жылдын 8-сентябрында, Ыйык кудай Эненин туулган күнүндө, токойдон, татарлар өрттөп кеткен Курск шаарына жакын жерден табылган.
Ыйык образ көптөгөн керемет иштер менен белгилүү болгон, алардын бири – Прохордун (келечектеги преподобный Серафим Сваровский) оорудан айыгып кетиши болгон.
Революциядан кийин икона врангелдик эмиграция менен бирге Европага, ал эми өткөн кылымдын 50-жылдарында АКШга барып калган, ал жерде бүгүнкү күнгө чейин Нью-Йорктогу Знамение соборунда сакталып турат.
2009-жылдан тартып икона бир нече жолу Россияга алынып келинген, аны дайыма көптөгөн дин жолундагы кишилер урматтап күтүп алып турушат. Кыргызстандыктар үчүн бул окуя Кудайдын чоң кереметтеринин бири. Православ окуусу боюнча образ менен бирге Кудай Эне өзү дагы биздин өлкөгө келип, өзүнүн батасын берет.
Иконанын кыскача таржымакалын ыйык иконанын келиши тууралуу кулактандыруу бар анонстун сүрөтүн басуу менен биздин епархиянын сайтынан окусаңыз болот.