Епископ Даниил Бишкектеги Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  10 ноября 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию во Владимирском соборе Бишкека

2019-жылдын 10-ноябрында, Элүүлүктүн 21-жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, игумен Нектарий (Блинов), Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексий Зайцев, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуудан кийин епископ Даниил чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Бүгүн биз Иисус Христтин гадарин жиндисин айыктырганы тууралуу Евангелия окуусун эскердик. Бул окуя Галилей деңизинин чыгыш жээгинде болгон. Ал жакта биринчи христиандар шаары болгон, анда жашаган адамдар жиндинин айыкканы тууралуу окуяга күбө болуп, дээрлик дароо христианчылыкты кабыл алышкан. Бул шаарда эң алгачкы епископтордун бири кызмат кылган. Азыркы убакта бул шаар археологдор тарабынан казылды. Ал өтө узакка турган эмес, болжол менен VIII кылымга чейин турганы белгилүү. Азыр ал жакта ачык жерде Кудайга сыйынуу литургиясы көп өтөт. Бул ыйык жер. Ал жакта адамдын алсыздыгы Кудайдын күчү жана Анын кайрымдуулугу менен адамдарды айыктырган жана күнөөлүү адамдарды күчтүү жана кайраттуу кылган  жакшылыкка айланганы тууралуу бул окуя эскерилет. Евангелиеде сөз болуп жаткан ал адам алсыз эле. Ал өзүнүн досу менен күмбөздөрдү тоноп келген, Кудай анын касиеттүү нерсени кордогону үчүн анын ичине жиндерди киргизип жиберген. Бирок Кудай өзүнүн мээримдүүлүгү менен аны сакайткан. Адамдар муну көрүп, кереметтүү окуяны бүтүндөй жүрөгү менен кабыл алышкан. Ошентип, жин тийген адам гана эмес, кереметтүү окуянын күбөсү болгон адамдар дагы Кудайдын жыргалын алышкан. Алардын баары биз сыяктуу эле Христти Куткаруучу катары кабыл алышкан. Биз көп учурда алсыздыгыбыздан улам бир нерсени байкабай калабыз, же түшүнбөйбүз, же жасоого жөндөмсүз болобуз, бирок Кудайдын мээрими дайыма биз менен жана жан дүйнөбүздү куткарууда бизге жардам кылат. Биз эң башкысы муңайып калбай, бекем ишенимде болуп жана сыйынышыбыз керек. Биздин сыйынуубуз алсыз жана кыска болсо дагы, ал чын дилден жана чын жүрөктөн айтылса, зор күчкө ээ болот. Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар баарыңыздарга Кудай жардамын аябасын. Сиздерди Жараткан колдосун”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.