Православ жаштары Кара-Балтада: зыяратчылык жана кайрымдуулук

  12 ноября 2019   На русском
Православная молодежь в городе Кара-Балта: паломничество и благотворительность

2019-жылдын 4-ноябрында, Кудай Эненин Казан иконасын майрамдоо күнү, Бишкек шаарынын православ жаштары Манас айылындагы ыйык такыба Иоанн Кронштадтский храмынын жана Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн колдоосунда ыйык тең апостоль улуу князь Владимир Собору тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясын жүзөгө ашырышты.

Зыяратчылыктын максаты жаштардын Кара-Балта шаарынын эркектер архиерейлик конок үйүнүн Казан-Кудай Эне храмынын престолдук майрамына катышуусу болгон. Бишкектен барган жаштар Кудайга сыйынуу литургиясына, кресттик жүрүшкө катышып жана ыйык Христ Сырларына чөмүлүп даам сызышты. Жаш волонтерлор храмга муктаж болгон адамдар үчүн деп кийим-кече беришти.

Майрамдан кийин жаштар кайрымдуулук акциясы менен Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык диспансерине барышты, ал жактагы адамдарга кийим-кече жана өздүк гигиена каражаттары берилди. Түшкү тамактануу убагында мекемедеги бейтаптар чакан таттууларды алышты, ал эми тамактан кийин аларга фильм-проектор аркылуу орус жомокторунун бир нече диафильми көрсөтүлдү. Диафильмдер бейтаптарды кубандырды – алар мурда тааныш болгон жомокторго өздөрү үн кошушту, бул аларга зор рахат тартуулады.  Иерей Илия Меляков – ыйык тең апостоль улуу князь Владимир храмынын жаштар иштеринин жетекчиси Ыйык Кудай Эненин Казан иконасынын алдында кыска сыйынууну аткарды жана каалоочулардан сыр төгүүнү кабыл алды. Мындан тышкары Илия камкордукка алынган мекемелерге кресттерди берди.

Жаштардын иштери боюнча бөлүмдүн кызматкерлери аялдар үчүн билерик токуу боюнча чакан мастер-класс өткөрүштү. Мастер-класстын катышуучулары үчүн билерик гана жасап бербестен, алардын айрымдарын өз алдынча билерик токууга үйрөтө алышты. Мындан тышкары мастер-класс убагында волонтерлор мекеменин бейтаптары менен көбүрөөк баарлашып, ал гана эмес чогуу ырдашты.

Акциянын жана жалпысынан сапардын эң чоң жана маанилүү жыйынтыгы бул дүйнөдө кыйынчылыкка кабылган адамдарга аз да болсо кубаныч тартуулоо мүмкүнчүлүгү болду. Сапардын катышуучулары үчүн мындай бөтөнчө адамдар менен баарлашуу аркылуу дени сак жаштар аларга түшүнүү жана мээримдүүлүк менен мамиле кылуусу керектигинин тажрыйбасы маанилүү болду. Дал ушул сапаттар жаралса, жүрөктө жакын адамдарына болгон сүйүү дагы жаралат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.