Улуу урматтуу, ардактуу Сооронбай Шарипович!
Кыргызстандын бардык православ христиандарынын атынан жана жеке менин атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын дилден куттуктоолорду кабыл алыңыз!
Сиз жүргүзүп жаткан өлкөдөгү диндер аралык мамилелер чөйрөсүндөгү акылман жана ырааттуу саясат Кыргызстандагы ар кандай конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы шайкеш, жакшы коңшулук жана жаратмандык кызматташтыкта өзүнүн үзүрүн берип жатат.
Бишкек епархиясынын муктаждыктарына Сиздин кылдат көңүл бурууңуз, мындан ары биздин республиканын бардык жашоочуларынын жыргалчылыгында, мамлекеттик бийлик органдарынын жана Кыргызстандагы Православ чиркөөсүнүн ортосундагы кызматташтык жемиштүү болооруна үмүт арттырып жана ишеним жаратат.
Сиздин ак ниет иштериңизди колдоо менен, Кыргызстандын православдары Сиз үчүн сыйынышат, Сизге бекем ден соолук жана узак өмүр, жан дүйнөнүн жана дененин күч-кубатын, биздин мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн жасаган Сиздин эмгегиңизге мээримдүү жана берешен Кудайдын жардамын каалайбыз!
Урматтоо менен,

____________________
БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ
2019–жылдын 16-ноябры