Бишкекте “Православие жана Ислам – тынчтыктын диндери” эл аралык конференциясы өттү (+ВИДЕО)

  22 ноября 2019   На русском
В Бишкеке прошла международная конференция «Православие и Ислам – религии мира» (+ВИДЕО)

2019-жылдын 21-ноябрында Бишкекте “Православие жана Ислам – тынчтыктын диндери” эл аралык конференциясы өттү. Конференциянын максаты – мурдагы советтик мейкиндикте Исламдын жана Православ Христианчылыгынын өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү тарыхый процесстерди жана учурдагы кырдаалды талдоо, эки диндин жалпы руханий жана маданий баалуулуктарын, тынчтыкты жана ынтымакты түзүүдөгү, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдөгү алардын ордун жана ролун талкуулоо болду.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында иш-чаранын расмий ачылышынан кийин, форумдун меймандарына жана катышуучуларына КР Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович куттук сөз айтып кайрылды.

РФ Президенти В.В. Путиндин куттук сөзүн Россиянын КРдагы Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Удовиченко Н.Н. окуп берди.

Москва жана бүтүндөй Орус Патриархы Кириллдин кайрылуусун Ташкент жана Өзбекстан Митрополити Викентий окуду.

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил дагы конференциянын меймандарына жана катышуучуларына куттук сөзү менен кайрылды.

Пленардык жыйындын ишине төмөндөгүлөр катышты: РФ Мамлекеттик Думасынын өкүлү, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын православ чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын, Кыргызстандын, Татарстандын, Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын, Россиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин маселелери боюнча эксперттери.

Күндүн экинчи жарымында “Азыркы коомдогу жана мамлекеттеги Исламдын жана Православиенин баалуулуктары”, “Ислам жана Православие тарыхый өнүгүүнүн, заманбап коркунучтардын контекстинде” секциялык жыйындары «Орион» отелинде өттү. Талкуулоонун жүрүшүндө мурдагы советтик мейкиндикте Исламдын жана Православиенин кызматташтыгынын өнүгүшүнүн тарыхый аспекттери жана өз ара аракеттенүү мисалдары, ошондой эле радикалдык агымдар жана экстремизмдин жана терроризмдин идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүүнүн жолдору каралды.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Жакын арада бардык катышуучулардын баяндамаларынын жыйнагы даярдалат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.