2019-жылдын 6-декабрында, Элүүлүктүн 25-жумасында, ыйык князь Александр Невскийди эскерүү күнү, Алексия схимасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, собордук клириктери иерей Георгий Дворовой, иерей Никита Чебуков.
Маалымдама: Ыйык улуу князь Александр Невский
Князь Александр Ярославович 1220-жылы (башка версия боюнча – 1221-жылы) төрөлгөн жана 1263-жылы каза болгон. Өмүрүнүн ар башка жылдары князь Александр Новгородск, Киев князы титулун, ал эми кийин улуу Владимир князы титулун алып жүргөн.
Князь Александр өзүнүн негизги аскердик жеңиштерин жаш кезинде жасаган. Нева салгылашында (1240-жылы) ал болгону 20 жашта болчу, Муз салгылашында – 22 жашта болгон. Кийин ал саясатчы жана дипломат катары таанылган, бирок мезгил-мезгили менен аскер башчысы катары чыгып турган. Өз өмүрүндө князь Александр бир дагы салгылашта жеңилген эмес.
Александр Невский соопкер князь катары канондоштурулган. Ыйыктардын бул ликасына чыныгы терең ишеними жана жакшы иштери менен даңкталган карапайым адамдар, ошондой эле өзүнүн мамлекеттик кызматында жана ар кандай саясый коллизияларда Христке ишенимдүү бойдон калган православ башкаруучулар киргизилет. Башка православ ыйыгы сыяктуу эле, соопкер князь — идеалдуу күнөөсүз адам эмес, бирок бул биринчи кезекте өз өмүрүндө бийликке умтулуу же керт башынын пайдасын ойлоочулукту эмес, жогорку христиандык изгиликти, анын ичинде боорукердикти жана адамды сүйүүнү колдонгон башкаруучу.
Чиркөө соопкерлердин ликасына Орто кылымдын дээрлик бардык башкаруучуларын канондоштурган деген кайчы пикирге карабастан, алардын айрымдарынын гана атагы чыккан. Алсак, князь тегиндеги орустардын арасында көпчүлүгү ыйыктар ликасында жакындары үчүн жана христиан динин сактоо үчүн азап чегип өлгөндүгү үчүн даңкталган.
Александр Невскийдин аракети менен христианчылык осуяттары поморлордун түндүк жеринде жайылтылган. Ал Алтын Ордодо православ епархиясын түзүүгө шарт түзө алган.
Александр Невский жөнүндө азыркы түшүнүккө анын аскердик эмгектери жөнүндө гана айткан советтик пропаганда таасирин тийгизген. Ордо менен мамилелерди түзгөн дипломат катары жана монах же ыйык катары аны эскерүү совет бийлиги үчүн орунсуз эле. Ошондуктан Сергей Эйзенштейндин «Александр Невский» аталышындагы шедеври княздын бүтүндөй өмүрү тууралуу эмес, Чуд көлүндөгү салгылашуу жөнүндө гана айтат. Бул ыйыктар ликасына князь Александр өзүнүн аскердик эмгектери үчүн киргизилди деген карама-каршы стереотипти жараткан, ал эми ыйыктыктын өзү Чиркөөдөн берилген “сыйлык” болуп калган.
Князь Александрды ыйык катары даңктоо ал өлгөндөн кийин дароо башталган, ошондо эле “Александр Невскийдин өмүрү жөнүндө повесть” түзүлгөн. Князды расмий канондоштуруу 1547-жылы орун алган.
Фома журналынын материалдары боюнча