2019-жылдын 19-декабрында, Элүүлүктүн 27-жумасында, Ыйык Николайды, Ликиялык Мира архиепискобун, кереметтүү адамды эскерүү күнү, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна анын кереметтүү деми бар кеме алынып келинди. Бишкек епархиясына сентябрдын акырында келген бул ыйык өлкөнүн бардык приходдорунда болду жана Аны эскерүү күнү кафедралык соборго кайтып келди, ал дайыма ушул жерде болот.
Собордун аянтында ыйык Николайды анын ыйык деми менен салтанаттуу тосуп алуудан кийин, храмда епископ Даниил жетектеген Кудайга сыйынуу литургиясы өттү.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: митрофордук протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексей Зайцев, Ысык-Көл округунун благочинныйы протоиерей Сергий Чувичкин, иеромонах Ираклий (Коростелёв), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых, иерей Сергий Арбузов, иерей Никита Чебуков.
Кудайга сыйынуудан кийин Успения Божией Матери храмынын башчысы (Жалал-Абад ш.) иерей Сергий Арбузов көкүрөккө тагынуучу крест менен сыйланды.
Кызмат өтөө аяктагандан кийин ыйык Николайдын иконасынын жана ыйык кеменин алдында аны даңктап ыр ырдалды. Андан кийин епископ Даниил дин кызматкерлерине жана чиркөөгө келген адамдарда архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда ыйык Николайдын деминин келүүсүнө арналган майрамдык окуянын терең руханий маанисин баса белгиледи.
“Биз ыйыктарды кастарлап гана эмес, алардын алдында сыйынып жүгүнгөнүбүз дайыма кубанычтуу. Ыйык Николай ар бир орус православ жүрөгү үчүн өзгөчө кымбат. Орус православиесинде ыйык Николай маанилүү ролду ойнойт. Бирок ал Орус жеринде бир да жолу болгон эмес жана биздин ата-бабаларыбыз менен тааныш болгон эмес. Ал Ликиялык Мира деп аталган Византия шаарында жашаган. Бул шаар азыркы Түркиянын аймагында жайгашкан (шаардын азыркы аталышы - Демре). Байыркы Византия жери ааламда православиенин түркүгү болгон, көптөгөн ыйыктарды өстүргөнүн жана тарбиялаганын билебиз. Ыйык Николай өзгөчө күрөшкө толгон татаал жашоодо жашаган. Ошол учурда, IV кылымда арианчылык ереси жаалданып турган. Ыйык Үчтүктү сыйлабастык – бул багыттын негизги адашуусу болгон. Ошол жылдары дээрлик бүтүндөй православ дүйнөсү бул ереске баш ийип калган, бул Византия империясында жарандык согушту тутанткан. Кафедралардын башына турган арианчылыкты жактагандар куугунтукту күчөткөн, ереске каршы чыккандарды өлтүрүшкөн жана чыныгы православиеге чоң зыян келтирген. Улуу Константин бул каргашаны көрүп, 325-жылы Никеяда биринчи Ааламдык соборду чогулткан. Ушул собордо биздин Ишенимдин Символунун биринчи варианты түзүлгөн, ушул собордогу жыйынга ыйык Николай, анын досу Спиридон Тримифунтский дагы катышкан. Биз ыйык Спиридондун жасаган кереметтүү ишин билебиз, ал Арийдин алдына туруп, деп сурайт: сен эмнеге Ыйык Үчтүктү сыйлабайсың жана тааныбайсың? Колуна кышты алып, аны кысат жана кыш үчкө – сууга, чопого жана отко бөлүнөт. “Сен бир нерсени көрүп турасың, бирок кыш үч бөлүктөн турат. Сен жалгыз Кудайды билесиң, бирок Ал – Үчтөн түзүлгөн. Кудай – Ата, Кудай – Уул жана Кудай – Ыйык Рух”. Бул Арийди ынандырган эмес. Чыныгы православиени жактоо үчүн сөз айтуу кезеги ыйык Николайга келгенде, ал ордунан ыргып туруп “Арий, сен кайдагы тантырак кепти айтасың, мен муну уга албайм” деп айтып, Арийди уруп жиберген. Андан кийин Ыйык Үчтүктү коргоо үчүн сөзүн айткан. Арийди жакка чапканы үчүн ыйык Николай бир нече айга түрмөгө отургузулат. Кийин аны кое беришет, себеби анын айтканы туура эле. Дал ушул жактоочулугунун аркасында арианчылык ереси артка чегинген.
Кереметтүү Николайды биз боорукер ыйык катары дагы билебиз. Анткени ал жардам сурап кайрылгандардын баарына жардам берген. Муктаж болгондорду көрсө ал өзүнүн ысымы менен курмандык кылган, өзүнүн жактоосу менен өлүмдөн арылткан. Бүгүнкү күндө биз ыйыкка ар кандай өтүнүч менен кайрылабыз жана ал бизге жардам берет. Ага саякаттаган адамдар, өлүм коркунучу алдында турган адамдар, катуу ооруга чалдыккандар кайрылышат, ага үй-бүлөлүк бакубатчылык сурап жана оор финансылык көйгөйлөр жаралганда сыйынышат. Ыйык Николай орус элинин жүрөгү үчүн өтө кымбат”.
Насаат сөзүн аяктап жатып башчы Даниил Кереметтүү Николайдын деми бар кеме дайыма Бишкектеги Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда болоорун айтты. Архипастырдын айтуусунда, епархиянын приходдоруна саякат жасаган бул ыйык бардык жерде көп адамды топтоду. “Бул – улуу кубаныч жана Кудайдын улуу жыргалчылыгы. Бул жабыркаган жүрөктөр үчүн өзгөчө бекемдөө жана үмүт. Биздин храмда мындай улуу ыйыкка ээ болгонубуз үчүн Кудайга мактоолорду айталы” - деп сөзү корутундулады епископ Даниил.